АКШ президенти Дональд Трамп НАТОну колдой турганын билдирип, уюмдун калган мүчөлөрүн Түндүкатлантикалык альянстын ишмердүүлүгүнө көбүрөөк катышууга жана мүчөлүк акыны төлөөгө чакырды.
Трамп Флоридадагы аскер-аба күчтөрүнүн базасында сүйлөп жатып дүйнө боюнча террор коркунучу кыйла өскөнүн белгилеп, радикал исламга каршы күрөштү күчөтүүнү убадалады. Ал «Ислам мамлекети» экстремисттик тобун геноцидге айыптады.
Трамп талаш жараткан жарлыгы жөнүндө айтып жатып, Кошмо Штаттарга америкалык баалуулуктарды тең көргөн адамдарды гана киргизүүгө даяр экенин билдирди.
Ислам дини басымдуулук кылган жети өлкөнүн жарандарынын АКШга кирүүсүнө тыюу салуу тууралуу жарлыкка Трамп 27-январда кол койгон. Ошол эле жарлык менен Сириядан качкындарды кабыл алуу 120 күнгө токтотулган. Кийин Сиэтл штатындагы Федералдык сот Трамптын ал жарлыгын токтотуу чечимин кабыл алган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ