Menu

Алайда 16 жаштагы кыз апасын эшиктин кулпу менен башка чаап өлтүргөн деп шектелүүдө

Бөлүшүү:

Ош облусунун Алай районунда 16 жаштагы кыз апасынын өлүмүнө шектелүүдө. Бул маалыматты Ош, Ноокат жана Кара-Суу райондорундагы коменданттын маалымат борборунун башчысы Жеңиш Ашырбаев тастыктады.

Маалыматка караганда, 24-апрелде Жошолу айыл аймагында 52 жаштагы А.А.нын жансыз денеси табылган. Аялдын өлүмүнө тиешеси бар деген шек менен анын 16 жаштагы кызы кармалган. Айрым маалыматтарга караганда, аял бир нече жылдан бери спирт ичимдиктерин ичип жүргөн. Окуя болгон күнү ал мас болуп, кызы менен урушуп кеткен. Окуучу кыз колуна кулпу алып, энесинин башына 2-3 жолу чаап жиберген. Аял алган жараатынан улам көз жумган.

25-апрелде саат 10:00 чамасында Алай райондук Ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө Жошолу айыл аймагындагы айылдардын биринде аялдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Ыкчам тергөө тобу ал жерге жөнөп, 24-апрелде кечки саат 10дор чамасында аял менен анын 16 жаштагы кызынын ортосунда чыр чыкканын аныкташкан. Чыр-чатак учурунда кыз эшикте илинип турган темир кулпу менен энесинин башына уруп, андан кийин ал башка бөлмөгө кирип төшөккө жатып алган. Жаракат алган 52 жаштагы апасы кансырап, жаткан жеринде каза болуп калган.

Материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (“Денеге оор залал келтирүү”) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Ал эми кылмышка шектүү катары маркумдун кызы кармалып, 2 айга камакка алынган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, үй-бүлө башчысы 7-8 жыл мурун каза болгон. Анын артында төрт баласы калган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: