Menu

Тажикстанда пара менен кармалган аткаминер 11 жылга эркинен ажыратылды

Бөлүшүү:

Тажикстан Экономикалык өнүгүү министрлигинин инвестицияларды программалоо жана аймактарды өнүктүрүү башкармалыгынын төрага орун басары Аскар Нурализода 11 жылга эркинен ажыратылды. Ал 500 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган.

Сино райондун сотундагы өз булак маалымдагандай, өкүм күчүнө кире элек, соттолгон жаран жогорку инстанцияга доо арыз менен кайрылууга укугу бар.

Нурализода былтыр 28-сентябрда Душанбедеги ресторандардын биринде 490 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган. Коррупция менен күрөшүү агенттигинин кызматкерлери анын үйүндө тинтүү жүргүзүп, дагы 10 миң доллар табышкан.

Маалыматка караганда, аткаминер жергиликтүү тургундан Хатлон облусунун Жалолиддин Балхи районундагы канаттуулар чарбасын мамлекеттик инвестициялар программасына киргизүү үчүн 1 млн доллар пара сураган. Андан тышкары жубайына борбордон $70 миңге батир сатып берүүнү талап кылган. Ага карата Кылмыш кодексинин “Пара талап кылуу” беренеси боюнча иш козголгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 + = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: