Бишкек шаарында бүгүн, 8-июнда Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзинпиндин кыргыз тилинде басылып чыккан «Мамлекеттик башкаруу жөнүндө» китебинин бет ачаары болуп өттү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков катышты.
Китептин бет ачаары Кыргыз Республикасына КЭР Төрагасы Си Цзинпиндин мамлекеттик визитинин астында уюштурулду.
Иш-чарага ошондой эле экс-президент Роза Отунбаева, КР Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Досалы Эсеналиев, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, Жогорку Кеңештин депутаттары, Кыргызстандагы Кытайдын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь, Кыргызстан жана Кытайдын илимий чөйрөсүнүн өкүлдөрү, мамлекеттик органдар, коомдук ишмерлер жана ЖОЖ студенттери катышты.
«Мамлекеттик башкаруу жөнүндө» кыргыз тилиндеги китебинин бет ачаарынын алкагында ошондой эле илимий конференция уюштурулду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ