Menu

Некролог – Кыргызстандын эл артисти Нуртай Борбиев 82 жаш курагында дүйнөдөн кайтты

Бөлүшүү:

Кыргыздын улуттук маданияты менен искусствосу орду толгус оор жоготууга учурады.

Кыргыз Республикасынын эл артисти, Кыргыз ССРнин маданиятына эмгек сиңирген ишмер Нуртай Борбиев 2019-жылдын 8-июнунда 82 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Нуртай Борбиев 1937-жылы, 15-январда Чүй облусунун Кызыл-Аскер айылында төрөлгөн.

Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун кинорежиссура бөлүмүн аяктаган.

1959-жылы «Кыргызфильм» студиясына кинооператордун жардамчысы болуп ишке кирген. Нуртай Борбиевдин «Манасчы», «Алай карларында», «Бакча», «Мурас», «Ак илбирстин тукуму», «Тору-Айгыр тумшугу» жана башка тасмалары кыргыз киноискусствосунун сыймыгы болуп калды. Ал талыкпай эмгектенип, кыргыз элинин эстетикалык табитинин өсүшүнө эбегейсиз зор салым кошкон.

Нуртай Борбиевдин чыгармачылыгынын туу чокусу — бул режиссер Төлөмүш Океевдин «Ак илбирстин тукуму» тасмасы. Бул тасма Берлин кинофестивалында «тасманын көркөмдүгү жана мыкты режиссерлук иш» үчүн «Күмүш аюу» сыйлыгына татыган. Бул жана башка тасмалар Нуртай Борбиевдин өнөрүнүн Кыргызстандан тышкары чыгып, дүйнөлүк киноискусстводогу баа жеткис байлык болуп калгандыгынан кабар берет.

Операторлук кесибинен тышкары, ал Геннадий Базаровдун «Көчө» аттуу тасмасында тиш доктурдун, «Саманчынын жолу» тасмасында согуштан келген жоокер Ашыралынын образын жогорку чеберчиликте жараткан.

Кыргыз улуттук кино искусствосуна сиңирген эмгеги жогору бааланып, ага Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген ишмери, Кыргыз Республикасыныны эл артисти наамдары ыйгарылып, ал Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгына жана башка сыйлыктарга ээ болгон.

Нуртай Борбиевдин өмүрү жана чыгармачылыктагы басып өткөн байсалдуу жолу бардык кийинки муундарга үлгү болуп кала берет. Анын жаркын элеси элибиздин жүрөгүндө түбөлүккө сакталат.

Жээнбеков С. Ш.,  Джумабеков Д. А., Абылгазиев М.Д., Калиева Г.У., Касымалиева А.К., Бакиров М.И., Боронов К.А., Разаков Ж.П., Омурбекова А.С., Аскаров З.М., Эсеналиев Д. А., Молдобекова Г.С., Садык Шер Нияз, Ибраев С. К., Кылжыев С. А., Жаманкулов А.К., Абдраимов Т.Д., Жакиев Б.Ж., Байджиев М.Т., Шамшиев Б.Ш., Базаров Г.С., Раев С. А., Сейдакматова Ж., Алышпаев М.У, Дайырбеков А.У., Жангазиев А.М., Абдыкулов К.А., Мусаев М., Ишенов С. И., Абдиев М.А., Сүйүндүков А., Шаршенбаев М., Мамбетова Н.И., Соданбек Ж., АктанАрым К.

Маалымат катары: Маркум менен коштошуу 2019-жылдын
10-июнунда саат 10-00дө Бишкек шаары, Волкова көчөсү, 42 дарегинде болот.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 − 23 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: