Menu

8 тилде эркин сүйлөгөн Сейтек Качкынбаев: “«Улуу элбиз» деп мактанганыбыз менен дүйнө эли бизди тааныбайт”

Бөлүшүү:

Өнүккөн өлкөлөрдөгү окуу жайлардан сапаттуу билим алып, тажрыйба топтоп келген соң, өз мекени жана эли үчүн кызмат кылып жаткан мекендештерибиз менен тааныштырууну максат кылган «Бейне» рубрикасынын каарманы — Сейтек Качкынбаев.
Ал Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ала-Бука айылында туулган. Мектепти аяктаган соң Бишкек гуманитардык университетинин эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинде билим алган. «XXI кылымдын кадрлары» программасынын стипендианты катары Кытайдын Шандуң университетинде байыркы кытай тилин окуган.
Ошондой эле, Япониянын Токио шаарындагы Ришшоо университетинде чыгыш таануу боюнча изилдөөчү катары билим алган. Жапония өкмөтүнүн (MEXT scholarship) стипендиясын утуп алып, Васэда университетинде салыштырмалуу политология боюнча магистратураны аяктап, кийин докторантурада билимин уланткан. Жапон, кытай, корей, англис, монгол, түрк, орус жана кыргыз тилдеринде эркин сүйлөйт.

үй бүлөсү менен

Чыгыш менен «ооруп» калдым
Мен Ала-Букада төрөлгөнүм менен Ош облусунун Кара-Кулжа районунда таене-таятамдын колунда тарбияландым. СССР убагында ата-энемди Ала-Букага жумушка жиберишкендиктен алар ошол жерде иштеп, отурукташып калышкан. Үй-бүлөдө 4 бир тууганбыз. Мен мектепти бүткөндөн кийин БГУнун эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинде окудум. Себеби, мектепте 5-класста окуп жүргөндө эле Чыгыш менен «ооруп» калдым. 8-класстан баштап кытай тилин үйрөнүүгө кызыга баштадым. Ошол учурда тасмалары популярдуу болуп жаткан айтылуу актер жана Чыгыштын согуш искусствосунун чебери Брюс Ли мага таасир калтыргандыктан, ал менин кумириме айланган эле. Ал убакта БГУда гана кытай тилин үйрөтөөрүн билип, ошол окуу жайга бардым. Эгер кытай тилин Нарында же Таласта үйрөтө турган болсо ошол жерге барып окумакмын. Ошондуктан кытай тилинин фанаты болуп берилип окудум.
Таенем айткан тарбия жапондордо тирүү экен…
БГУда 3-курста окуп жүргөндө «XXI кылымдын кадрлары» программасы боюнча сынактан өтүп, Кытайга окууга кеттим. Ал жерден Шандуң университетинде байыркы кытай тилин окудум. Ошол учурда чет өлкөдөн келген 300дөй студент бир кампуста жашайт элек. Алардын арасында жапондор абдан көп болчу. Ошондо алардын жүрүм-туруму мага абдан таасир этти. Алар абдан кичипейил, тыкан, сарамжал, бири-бирин сыйлаган эл экенин көрдүм. Ошондо мен таенем айткан тарбия жапондордо тирүү экен деп билдим. Мунун сыры эмне экендиги мага абдан кызык болду. Кийин сапаттуу билим алуу максатында Жапонияга бардым. Алгач Токио шаарындагы Ришшоо университетинде чыгыш таануу боюнча изилдөөчү катары билим алып, андан соң Васеда университетинде политология боюнча магистратурада жана докторантурада окудум. Мектепте англис тилин жакшы окугандыктан БГУда кыйналган жокмун. Бирок Жапонияга барганда англис тилим начар экенин түшүндүм. Көрсө илимдин тили башкача болот экен. Тереңдеп үйрөнүү үчүн жумасына 50 китеп окууга туура келди. Китеп окуунун техникасы менен жумасына 20 китеп окучу элем. Жапонияда жалпы 12 жыл жашасам, анын ичинен 7 жыл билим алдым.
Бир тилди тереңдеп үйрөнүүгө бир жыл жетишсиз
Жалпысынан 8 тилде — кытай, жапон, корей, англис, түрк, монгол, орус, кыргыз тилдеринде эркин сүйлөйм. Тил үйрөнөт десе эле көчөдөгү курстарга баруунун кереги жок. Мисалы англис тилинде TOEFL ELS сынактарына даярдаган курстарга баруу керек. Биз тилдин өзүн үйрөнбөй, ошол тилде ой жүгүртүүнү үйрөнүшүбүз зарыл. Эмне үчүн кыргыздар жакыр жашап жатат? Эмне үчүн бизде той берүү баалуулук катары эсептелет? Эмне үчүн «элдин баласы» деген түшүнүк калыптанып калган?… Бул суроолорго жооп издеп, ойлонуу керек. Үч айда эле тил үйрөтөбүз деген жарнамалар жалган айтып жатышат. Тилди 1 же 3 айда үйрөнүүгө мүмкүн эмес. Жарым жылда дагы үйрөнө албайбыз. Бир жылда тилдин структурасын үйрөнсө болот. Тил тарых жана маданият, илим менен байланыштуу, аны терең үйрөнүүгө 1 жыл жетишсиз…


10 миңге жакын жапонго кыргыз маданиятын жарнамаладым
Жапонияда жүрүп критикалык ой жүгүртүүнү, методологияны, анализ кылганды үйрөндүм. Эгер мурда кээ бир учурда маселени интуитивдүү түшүнүп турсам дагы, кантип суроо коюшту билчү эмес элем. Жапонияда көп нерсени үйрөндүм. Мектепте, университетте мугалим болуп иштедим. Жалпысынан 6 жылда 10 миңге жакын жапонго кыргыз маданиятын тааныштырып, жарнамалап жүрдүм. Англис тилинен да сабак бердим.
«Улуу элбиз» деп мактанганыбыз менен дүйнө эли бизди тааныбайт
Жапондордун дээрлиги бизди билбейт. Биз «Манас» эпосу менен өзүбүздү улуу деп эсептегенибиз менен дүйнө эли тааныбайт. Бирок Чынгыз ханды, монгол элин баары билет. Ошондуктан кыргыздар улуу элбиз деп мактана бербей, дүйнөгө көрүнө турган иш жасашыбыз керек. Ушуну дагы деле түшүнбөй, өзүбүздү улуу элбиз деп эсептеп келе жатабыз. «Манас» эпосун чет өлкөдө эч ким билбейт. Мен 10 миңге жакын жапонго кыргыздын маданияты боюнча сабак бердим. Бири да бизди билчү эмес.
12 жылдан кийин мекениме кайтып келдим
Мен башында Жапонияга кетүүнү эмес, ал жерден сапаттуу билим алууну максат кылгам. Ошондуктан билим алып, тажрыйба топтогон соң, 12 жылдан кийин, тактап айтканда 2017-жылдын апрель айында өз өлкөмө үй-бүлөм менен көчүп келдим. Жапон элине абдан ыраазымын. Себеби ал жерден көп нерсе таптым. Үй-бүлө курдум, сапаттуу билим алдым, иштедим. Дос, устат таап, тажрыйба топтодум. Ушунча жыл жүрсөм дагы жапонго таарынып, капаланган учурум болгон жок. Жапон өкмөтүнүн эң жогорку стипендиясын алдым. Кыргызда бир ай иштеп тапкан акчаны ал жерден 1 саатта тапса болот. Бирок мен эртели-кеч мекениме келеримди билчүмүн жана бул өлкөгө пайдам көбүрөөк тие турганын сезчүмүн. Себеби, ал жакта сапаттуу билим алгандар жетиштүү. Өлкөмө келип, тажрыйбам менен бөлүшүүнү аманат деп эсептейм.
Жапониядагы миллионерден көп нерсени үйрөндүм
Жашоомдо мен баалаган устаттарым көп болду. Алардын алгачкылары — таенем менен таятам. Алар дагы райондун деңгээлинде жетекчи болуп жүргөн адамдар болчу. Менин илим алышыма абдан таасир беришти. Мамиле курганды, жоопкерчиликти үйрөндүм. Кийинки устатымдан максатка жетүү үчүн мектепте жалаң «5» деген баага окуунун кереги жок экендигин түшүндүм. Эгер адамдын максаты так болсо, анда эмгектин арты менен ага жетсе болот. Кийинки устатым Жапониядагы 2 миллионер болду. Алардын бири мектепте 9-классты эле аяктаган. Бирок Жапонияда 40 рестораны бар. Азыр 70 жашка чыгып калды. Экинчи миллионер устатымдан максатка жеткире турган нерселерди үйрөнүү маанилүү экендигин үйрөндүм. Профессор устатымдан анализ кылганды, суроо бергенди, критикалык ой жүгүртүүнү үйрөндүм. Кэндо агайымдан ооматты (мүмкүнчүлүк) күтпөй, аны өзүң жасашың керек экенин түшүндүм.


Профессор-устаты, курсташтары менен
100 өнөрдү 1 жолудан жасап үйрөнбөй, 1 өнөрдү 100 жолу жасап үйрөн
Азыркы жаштар арасында тренингдерге байма-бай баруу тенденциясы байкалып жатат. Алардын бир нерсе үйрөнөйүн дегени жакшы. Бирок аны модага айлантуунун кажети жок. Адам өзүн тапкыча көп нерсе менен алектенип көрүш керек. Эгер соода кылуу иши ага жакын болсо анда ошол ишин өнүктүрүү үчүн максат коюш керек. 100 өнөрдү бир жолудан кылып үйрөнгүчө, бир эле өнөрдү 100 жолу кылып үйрөнүү зарыл. Баардык маселе боюнча адис боло бербей, бир өнөрдү өздөштүргөн соң, аны майын чыгарып жасоо маанилүү. Максатына бекем жаштар ага сөзсүз жетишет. Аларга азыр ресторан, мейманкана куруп, өлкөнү чет элдиктерге таанытып жаткандар мисал боло алат. Алардан үлгү алуу керек.
Кызыма таенемдин атын ыйгардым
Эки кызым бар. Улуу кызым Ырыскыга 5 жаш 8 ай болду. Ага таенемдин атын ыйгаргам. Жапон, кыргыз тилинде сүйлөйт. Быйыл бала бакчага бердик. Бирок ага жапондордун бала бакчасы көбүрөөк жагары билинип турат. Кыргыздын тамагына да көнө албай жаткандыктан үйдөн жапон тамактарын жасап берем. Кичүү кызыма 1 жаш 7 ай болду. Жубайым дагы Жапонияда билим алган, илимдин доктору. Учурда Жапон өкмөтүнүн «JICA» уюмунда иштейт.
Нарындын, Көлдүн тоолоруна барып, бир жума жашап келем
Спорт жаатында кэндо менен машыгам жана бир жумада бир жолу футбол ойноп турам. Үй-бүлөм менен тоого бат-бат чыгып турабыз. Кээде эч ким барбаган Нарындын, Көлдүн тоолоруна барып, бир жума жашап келем. Тамак жасаганды жакшы көрөм. Жапонияда студент кезимде 2 жыл ресторанда иштегем.
1997-жылдын декабрь айында Кытайдын Шандуң университетиндеги чет элдик студенттер арасында өткөн сынакта Сейтек Качкынбаев «Дуңгуо мырза жана карышкыр» спектаклинде башкы ролду ойноп, 1-орунга ээ болушкан.

Булак: Турмуш

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: