Menu

Иса Өмүркулов, КСДПчы: «Айыл чарба министрлиги эч нерсе кылалбай жатат, бизге мындай аткаминерлердин кереги да жок!»

Бөлүшүү:

Айыл чарба министрлигинде 5 миӊ адам иштейт, жылдык эмгек акы фондуӊар 1 млрд 200 млн сом. Ушундай шарт түзүлүп берилгенине карабастан, агротармактагы иш жылган жок, силер дагы эч нерсе кылган жоксуӊар. Бизге андай министрликтин эмне кереги бар? Бизге мындай аткаминерлердин кереги да жок! Бул тууралуу КСДП фракциясынын жетекчиси Иса Өмүркулов фракция жыйынында Кыргыз Республикасындагы тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын өнүгүүсүнө байланыштуу Өкмөттүн маалыматы угулуп жатканда билдирди.

Талкуу жыйынтыгында КСДП фракциясы Өкмөттүн Кыргыз Республикасындагы тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын өнүгүүсү боюнча ишин канааттандырарлык эмес деп тапты.

Белгилей кетсек, Өкмөттүн Кыргыз Республикасындагы тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын өнүгүүсү боюнча отчету каралган фракция жыйынына вице-премьер-министр Санжар Муканбетов, экономика министри Артем Новиков, айыл чарба министринин орун басары Эркин Чодоев жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилери катышкан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: