“Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин ден соолугун дарыгерлер текшеришкенин Жаза аткаруу кызматы кабарлады. Маалыматта, абакка сырттан атайын адистешкен эки дарыгер келип Өмүрбек Текебаевдин ден соолугун карап кетишкен. Текебаев ошол жерде эле дарыланса болобу же башка ооруканага барып стационардык дарылануудан өтүшү керекпи, ошол дарыгерлер чыгарган жыйынтыкка жараша боло турганын билдиришти. Канткен менен Атамбаевдин бийликтен кетиши менен Текебаевди абактан чыгарууга болгон аракеттер кескин өөрчүдү. Өзгөчө ден соолугуна шылтоолоп бошотуп кетүү жагына басым коюлууда. Албетте, мындай тажрыйба бизде бар. Батукаев, Келдибеков, Дастан Сарыгуловдун мисалы жетиштүү.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ