Menu

“Республика – Ата Журт” фракциясында жол коопсуздугунун көйгөйлөрү талкууланды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 19-январда “Республика – Ата Журт” парламенттик фракциясында жол коопсуздугун камсыз кылуу маселелери жана «Кыргыз Республикасында жол коопсуздугу системасын реформалоо боюнча чаралар комплексин аткаруунун иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө» КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-августундагы №546 токтомунун аткарылышы каралды.

Күн тартибине коюлган маселелер боюнча КР вице-премьер-министри Дайыр Кенекеев, КР ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов, КР Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) жетекчиси Канат Жумагазиев баяндама жасашты. Талкуунун жүрүшүндө депутаттардын суроолоруна КР саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев, илим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева, транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилери жооп беришти.

Талкуу жүрүшүндө депутат Алтынай Өмүрбекова жол коопсуздугу системасын реформалоо боюнча көрүлүүчү чаралар комплексиндеги бир катар пункттарды аткаруу боюнча мөөнөттөр белгиленгендигине токтолду. Анын айтымында, 2017-жылдын 30-ноябрына чейин Бишкек жана Ош шаарларында жол кыймылынын эрежелерин бузгандарды фото жана видеого каттоо системасы орнотулуп бүтүшү керек эле. Ошону менен катар борбор калаанын борборунан маршруттук таксилерди алуу боюнча пунктун мөөнөтү дагы аяктаган. А.Өмүрбекова иш-чаралар белгиленген мөөнөтүндө аткарылбагандыгын сынга алып, мындай мамиле аткаруу бийлиги түзүлгөн кырдаалдан кабардар эмес деп эсептелерин айтты.

Депутат Бактыбек Райымкуловдун “Акылдуу шаар” менен “Коопсуз шаардын” ортосунда кандай айырма бар деген суроосуна Д.Кенекеев түшүндүрмө берди. Анын белгилөөсүндө, КР Өкмөтү менен «Huawei Technologies CO., Ltd» компаниясынын ортосундагы жетишилген макулдашуу боюнча “Акылдуу шаар” долбоору алда канча кеңири техникалык мүмкүнчүлүктөрдү берет. “Маселен, видеобайкоо жардамы менен автоунаанын бир гана маркасы менен номери аныкталбастан, андагы адамдардын жүздөрү дагы таанылат. Биринчи этапта долбоор Бишкек, Ош шаарларында, ошондой эле Бишкек-Ош авто жолунда, Бишкек-Чолпон-Ата, “Бишкек – “Манас” аэропортунда ишке ашат ”.- дейт Д.Кенекеев.

Депутат Зарылбек Рысалиев Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгындагы кандай жаңы өзгөртүүлөр жол коопсуздугунун маселелерин чечерине кызыкты. Ошону менен катар депутат автоунааларды техникалык кароодон өткөрүү функциясын Ички иштер министрлигине өткөрүү маселесин козгоду.

Депутат Алиярбек Абжалиевдин суроосуна жооп берип жатып КР саламаттыкты сактоо министри Т.Батыралиев Бишкек-Ош, Бишкек-Торугарт, Бишкек-Талас жана Ош-Эркештам стратегиялык трассаларында болгону 4 медициналык пункт иш алпарарын маалымдады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 + = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: