Menu

Эдил Байсалов Лондондогу эл аралык мамилелер боюнча аналитикалык борбор «Chatham-house» – Королдук институтунда баяндама жасады

Бөлүшүү:

Кыш чилде түшкөнү биздеги кээ бир саясатчылардын таскагы чыгып байма-бай чет өлкөлөргө каттай башташты. Алардын бири атактуу жарандык активист Э.Байсалов. “Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы” бейөкмөт уюмунун экс-жетекчиси Э.Бай­салов 2017-жылдын 7-декабрында Лондон шаарындагы (Улуу Британия) эл аралык мамилелер боюнча аналитикалык борбор «Chatham-house» – Королдук институтунда (бейөкмөт уюм) баяндама жасады.

Жанында Ө.Текебаевдин жардамчысы К.Боронбаев жандап жүрдү. Баса, К.Боронбаевдин атасы О.Боронбаев Ө.Текебаевдин классташы. Калысбектин да Ө.Текебаевди “аяш ата” деп айтып жүргөнү ошол себептен болсо керек. Кызыгы О.Борон­баев Ө.Текебаевдин “Кошалёгу” катары белгилүү. Анткени Ө.Текебаев бир кезде О.Боронбаевди “Кыргызнефтегаз” ишканасынын директорлор кенешине киргизип, ишкананы сары уйдай саап тургандыгы буга чейин да айрым ММКларга жарыяланган.

Э.Байсалов Лондондо “Чатем-Хаустун” короосуна кирип, шайлоодон кийинки Кыргызстандагы акыбал, Өкмөттүн аткара турган иштери боюнча агынан жарылып маалымат берди. Айтмакчы “Чатем-Хаусту” Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлиги менен атайын кызматы башка өлкөлөрдөгү тымызын иштер үчүн пайдаланышат. Э.Байсалов “Чатем-Хаустун” “Евразия жана Россия Программасы” деп аталган багыты боюнча иш алып барып, Борбордук Азиянын өлкөлөрү, анын ичинде Казакстан, Кыр­гызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын саясий, экономикалык өнүгүшүн калп эле изилдемиш болуп, а чындыгында бул мамлекеттердин ичиндеги энергетикалык мүмкүнчүлүктөрдү жана аларга болгон тышкы саясий таасирлердин ( Россия, Кытай, АКШ жана ЕС) баарын санап байкап турушат.

Айтор эксперттеринин айтымында “Чатем-Хауст” бир кезде Советтер Союзунун кыйрашына түздөн-түз таасирин тийгизип, андан соң андай бузукулук иштерди Россияга бурган. Учурда Евразиялык Экономикалык Биримдиктин (бажы биримдиги) кыйрашы боюнча ишмердүүлүк жүргүзүп жаткан кездери.

Кыскасы, “Чатем-Хаус” дүйнөнүн бардык булуң-бурчуна өз саясатын жүргүзөт. Атап айтканда корей жарым аралындагы мамлекеттердин өз ара мамилеси, Сириядагы согуш менен Украинадагы кризистен тарта гендердик теңчилик жана кли­мат маселелерине чейин талдоого алып, британ өкмөтүнүн кызыкчылыгы үчүн сунуштарды берип келет. Украинадагы майданды каржылап турган да ушулар. “Чатем-Хаусту” эл аралык фондор (Бош, Рокфеллер,Рот­шильд, Форд, Джорж Сорос, Ага Хан фонддору) жада калса НАТО, ЮНИСЕФ, JICA, Европа комиссиясы да каржылап турат.

Уюмдун эрежеси боюнча булар уюштурган иш чаралар 1927-жылдан бери өтө жашыруун купуя сакталып келген. “Чатем-Хауст” биз билгенден Кыргызстан боюнча жашыруун түрдө эки иш чара өткөргөн. Алардын долбоору боюнча Кыргызстан түндүк-түштүк болуп экиге бөлүнүүсү керек. “Чатем- Хауст” дал ушундай бузуку долбоорлорду ишке ашырып келет.

Демек ушундай мекемеге жашыруун барып доклад окуп келген Э.Байсаловдун бул ишин кандай баалаш керек? Анткени Э.Байсаловдун “Чатем-Хауста” жасаган баяндамасынын негизинде атайын адистер тарабынан тыкыр талдоо жүргүзүлөт. Натыйжада жаңы шайланган президент С.Жээнбековдун саясаттагы курсу эсеп-чотко алынып, ага ылайык Батыштын геосаясий жана геоэкономикалык кызыкчылыктарын ишке ашыруу боюнча сунуштар иштелип чыгаары айдан ачык. Ал сунуштар Россияга, демек Бажы биримдигине, анын ичинде Кыргызстанга да каршы болору турган иш.

Э.Байсалов “Чатем-Хаустагы” ишин бүтүрүп чыгып ВВС радиосуна барып интервью берип, ал жерде да качкын саясатчы Ө.Бабановдун камчысын чаап сөз сүйлөдү. Чапканы ушул – Ө.Бабанов туура кылды деди. Шайлоо алдында Ө.Бабановдун акчасын алып ар кандай акцияларды уюштуруп көнгөн жаны бул интервьюсунун акысына да капчыгын кампайтып келди болуш керек.

Баса, Э.Байсалов андан ары Швецияга да барып, ал жерде мурдагы аялы Жазгүл Исмаилова (ажырашууга Эдичкабыздын кызтекелик кылыктары себеп болуп калуусу деле ажеп эмес) менен кызы Акылайга жолугуп келди. Күйөөлүк парзын аткарып аялына каралашпаса да, аталык милдетинен аткарып, кызына акча-тыйын берди болсо керек. Бирок эч бир жерде эмгектенбеген Эдил мырза акчаны кайдан алат деген суроо туулат.

Эки вариант: бири Ө.Баба­нов, экинчиси “Чатем-Хаустагы” “чыгармачыл чыккынчылыгы” үчүн алган сый акысы. Кандай болгон күндө да Ө.Бабанов качып кеткенден кийин Э.Басалов финансылык кризиске кабылган окшойт. Болбосо, чет жерге “Чатем-Хауска” барып, Кыргызстанды түндүк-түштүк кылып экиге бөлүп-жаруу боюн­ча акыл-насаатын айтат беле?

Мурат Мусакеев

Булак: “Багыт” гезити 

 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 7 = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: