Жогорку Кеӊеште Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун алкагында жашыруун маалыматтын сакталуусун өз ара камсыздоо жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Мыйзам долбоору мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында даярдалган. Мыйзам долбоорун кабыл алуу Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен кошумча каржылык чыгым талап кылбайт. Ошондой эле, протокол КР Өкмөтүнүн жашыруун маалыматтын сакталуусун өз ара камсыздоо жөнүндөгү саясатына туура келет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ