Menu

Данияр Абдыкадыров: «Акчасыз калганда бизнес ачууга аргасыз болдум»

Бөлүшүү:

Билимдүү, жигердүү, уюштургуч, идеяга бай, аракетчил болуу – замандын талабы. Ушул сапаттары менен учурдун талабына бап келген уул-кыздарыбыз арбын. Алардын бири “Билим экспорт” кытай тили мектебинин негиздөөчүсү, директору, жаш бизнесмен – Данияр Абдыкадыров. Даниярдын маеги эч кимди кайдыгер калтырбайт деген ойдобуз.   

– Данияр мырза, маегибизди сиздин бүгүнкү ийгилигиңизге негиз болгон кытай тилине кандайча кызыгып калганыңыздан баштасак.

– Шаарыбыздагы №67 мектеп-гимназиясын аяктап жатып экономист же юрист болгум келди. Ошондо апам: “Азыр юрист, экономисттер арбын. Сен алардан чет тилин билүүң менен айырмаланышың керек», – деп чет тилин окууга багыттады. 2005-жылдары чет тилдерден англис тилин окуу актуалдуу эле. Ойлонуп, алардан өзгөчөлөнөйүн деп, анан калса оордугуна карап кытай тилин тандадым да, гуманитардык университеттин кытай тили факультетине тапшырдым. Бирок ал кезде кытай тили азыркыдай келечектүү болот деп ойлогон эмесмин.

– Кытай тили эң оор тил эмеспи, ѳздѳштүрүү оңойго турбаган чыгар?

– Жаштайымдан атайын оор жүктү моюнума алып, анын майын чыгара жасагандан ырахат алам. Ооба, жогорку окуу жайга тапшырган менен кытай тилин өздөштүрүп, окуп кетүү кыйынга турду. Ошондо маектешүү үчүн кытай дос издегенге туура келди. Алгач бир кытай кыздан суранып кытай тилинде: «Чогуу жашаганга кытай издейм. Мен сага орусча, сен мага кытайча үйрөтөсүң», – деген кулактандыруу жаздырдым. Анан аларды кытайлардын «Таатан» соода борборуна, кытай ресторандарына, окуу жайларына  чаптап чыктым. Бир жумада издеген кытай табылып, экѳѳбүз бир батирде жашай баштадык. Натыйжада күн сайын кытай тилинде пикир алышуу менен сөз байлыгым кеңейип, оюмду толук жеткирип, тилим жатыкты.  Мунумду мугалимдер да байкашты. Ушундай аракет менен бир жыл жогорку окуу жайдан үйрөнө албаган нерсени жарым жылда ѳздѳштүрүп кеттим. Апам азыр: «Балам убагында даяр аш, даяр төшөктү таштап батирге чыгып жашап, ийгиликке татыктуу жетти», – деп сыймыктануу менен айтат. Себеби мен өз үйүмдөн бөлүнүп чыгып, батир акысын тѳлѳѳ үчүн университеттин ичинде канцелярдык буюмдарды сатып, студенттерге реферат жызып берип акча тапчумун.

– Мындай аракетчилдик сизди Кытайга да жеткирген экен?

– Мен “чет жерге чыкпай туруп чет тилин үйрөнүү мүмкүн эмес”  деген стереотипке каршымын. 2-курсумда Конфуций институту Кыргызстан боюнча  өткөргөн сынакка мугалимдердин сунушу менен катышып, 3-орунга ээ болдум. Сынактан кийин Кыргызстандагы бир кытай компаниясы 500 долларлык жумушка чакырып, анда окуудан сырткары иштедим. Кийинки жылы ошол эле сынактан 1-орунду алдым. Анан 4-курсумда эң мыкты кѳрсѳткүчкѳ жетип Кытайда магистратураны бекер окууга жолдомо алдым. Ушундай бир канча аракеттин натыйжасында Кытайда окуу мен үчүн оңой болду. Атүгүл эки жыл бою маданий иш-чаралардын алып баруучусу болуп жүрдүм. Магистратураны бүткөндөн кийин ал жактын мектеп администрациясында иштедим.

– Кытай тили мектебин ачууңузга эмне түрткү болду? Иштин жолго түшүүсү кандай болду?

– Кытайдан “мекенимде мамлекеттик кызматта иштеп, карьера түзөм” деген максат менен кайтып келгем. Келип үй-бүлө куруп, президенттик аппаратка өз күчүм менен жумушка кабыл алынып, бир жыл иштедим. Бирок 12 миң сом айлык акым үй-бүлөмдү багууга жетпей, жумуштан кетүүгө аргасыз болдум. Ушул жумушу, акчасы жок абал мени бизнес баштоого түрттү. Ошондо өзүмө үч бөлүктөн турган схема түзүп чыктым. Биринчисине – эмнени жакшы көрөрүмдү, экинчисине – колумдан эмне келерин, акыркысына – мага кайсынысы акча алып келерин изилдеп жазып чыктым. Ойлонуп кытай тилин жакшы көрөт, жакшы билет экенмин. Демек, ушул нерсе мага акча алып келүүсү керек деген жыйынтыкка келдим. Бизнес-план жазып, көп адамдарга кайрылдым. Бирок мени тажрыйбасы жок жаш бала катары кабыл алып баш тартып жатышты. Кѳпчүлүктүн арасынан бир бизнесмен ага планымды окуп көрүп, керектүү сумманы дароо берди. Ошентип Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине караштуу Конфуций институтунун алдындагы “Билим экспорт” кытай тилин окутуу борбору болуп ачылдык. Мектеп ачылгандан жарым жыл өтпөй көптөгөн окуучуларды Кытайга окууга жиберүүгө жетиштик, окутуу усулдарын, программаларын ойлоп таптык. Ошондой эле кытай тили үчүн ѳзгѳчѳ мааниге ээ HTS, HSTT, YCT экзамендерине даярдоо жана катталуу борборуна да айланып калдык. Аз убакыттын ичинде мындай ийгилик жаратканыбыз үчүн Конфуций институтунун 14-филиалы болуп аталдык. Алар аталган экзамендерге даярдоо жана каттоо үчүн лицензия беришти.

– Окуу борборуңуздун аталышы жакшы коюлуптур.

– Рахмат, борбордун атын билим менен байланыштыргым келди. Мурда Кытайдан товар эле алынып келинсе, эми билимди экспорттоп, импорттойбуз деген тилек менен «Билим экспорт» деген уникалдуу атты тандадык.

– Эми бул мектептин шарттары, талаптары жѳнүндѳ айтып ѳтсѳңүз?

– Бизде тажрыйбалуу 20га чукул окутуучулар сабак беришет. Алардын арты Кытайдан магистратуратураны аяктаган инсандар. Биз кытай тилин үйрөнөм деген 7 жаштан 60 жашка чейинки бардык каалоочуларды кабыл алабыз. Аларга эч кандай талаптар коюлбайт. Бир гана бул тилди үйрѳнүүгѳ каалоосу күч болуусу керек. Учурда 300гө жакын окуучу билим алып жатышат. Алардын ичинен 30 бала акысыз билим алышууда. Себеби биз аз камсыз болгон, толук эмес үй-бүлөлөрдүн балдарына жеңилдиктерди беребиз. Ал эми шарты барлар үчүн окуу баасы айына 2000 сом. Жакшы көрсөткүчтөргө жетишкендер Кытайга бекер окууга жиберилет.

– Мындай жигердүү, аракетчил бала кандай тарбияда ѳстү экен?

– Кичинекей кезимде эле ата-энем эки башка жолго түшүшкѳн. Апам карындашым экөөбүздү жалгыз бой багып жаштыгын, өмүрүн бизге арнады. Кесиби мугалим болгонго билимибизге өзгөчө көңүл бурду. Бир күндѳ мынча барактан, бир айда баланча китеп окуп бүтүшүң керек деп талап койчу. Окуган соң түшүнгөнүмдү айттырып укчу. Эң биринчи окуган китебим “Манас” эпосу болгон. Кылам деген нерсеме дайыма уруксат берчү. Жасаган ишимден ката кетирип алганымды айтсам: “Ошону көрсүн дегем. Иш жүзүндө көрмөйүнчө адам күмөн санай берет”, – деп баарын түшүндүрүп берчү. Мен ушундай дипломаттык тарбияда чоңойдум.

– Устатыңыз Ассоль Молдокматова менен кантип таанышып калдыңыз эле?

– 15 жашымда алып баруучулук кастингге катышып, ѳтүп, эртеси эле түз эфирге чыккам. Кийин Ассоль Молдокматова уюштурган долбоорго катышып өтүп кеткем.  Эже мага ошондо: “Эки сааттан кийин эфирге чыгасың, даярдан”, – деп айтып, тема берип кетип калган. Ошол күндөн бери устат катары кеңеш берип келет. Мен ага дайыма чындыкты угуу үчүн барам. Негизинен айланадагылар мактай эле берет. Адам мындан ѳспѳйт. Ал эми устатым сөзсүз кемчилигимди таап чыгат. Андан кийин ошол ишти кайталабаганга, оңолгонго аракет кылам.

– “Чыгаша чыкмайынча, киреше кирбейт” дейт, кайрымдуулук кылып турасызбы?

– Балдар үйүнө барып, белектериңди берип дароо кетип калуу, аларды дагы бир жолу таштап кеткенге барабар деп ойлойм. Келинчегим экөөбүз эки жылдан бери балдар үйүнөн эки баланы карамагыбызга алып, моралдык колдоо көрсөтүп келебиз. Алар жума сайын үйгө келип биз жеген тамакты жеп, биз жаткан төшөккө жатып турушат. Муну менен балдар жалгыз эмес экенин сезишет. Аларга тарбия, мээрим бергенге аракет кылып, жашоосуна аз да болсо салымыбызды кошсок экен деп тилейбиз. Бешинчи күн сайын бизди күтүп, үйгө келгенде үйүбүзгө келдик дегендей сүйүнүшѳт. Дагы бир кыялым – балдар үйүндөгү балдардан кичинесинен өз карамагыма алып тарбиялап, ЖОЖдо окутуп, чоңойгондо өз командама кошуп алуу. Буюрса, бул ниетимди да ишке ашырам.

– Мындай иштерди берилүү менен кылууңузга жубайыңыздын салымы чоң болсо керек?

– Ооба, жубайым Айгерим дагы мендей өжөр, баарына өз күчү менен жеткен адам. Кытай тилин жогорку деңгээлде билгендиктен, мектепти ага өткөрүп бергем. Бир жарым жаштагы Эмир аттуу уулубуз бар. Аны апамдын тарбиялоо ыкмасы менен апасы же атасынын уулу эмес, өз алдынча инсан кылып тарбиялайм.

– Маегибиздин соңунда ийгилик үчүн кылган аракеттериңизди айтып ѳтсѳңүз?

– Күнүмдүк графигимдин бир саатын ар кандай багыттагы китептерди  окууга же документалдуу фильмдерди көрүүгө бөлөм. Ар биринен жакшы нерсе алсак болот. Мисалы: “Купуя сыр” документалдуу фильминен алдыга койгон максатты кагаз бетине түшүрсө сөзсүз ишке ашарын үйрөндүм. Дүйнө таанымымды кеңейтүү үчүн көп саякаттайм. Кыргызстан менен эле чектелип калбай, чет жердеги атактуу тренерлерден сабак ала баштадым. Менин ийгилигиме креативдүү идеяга бай командамдын да салымы абдан чоң. Негизи биз айланабызды кандай адамдар курчап турса, ошолорго окшошобуз. Анткени алардан энергия алабыз. Ийгиликтүү болуу үчүн ийгиликке жеткен адам менен бирге болуу керек. Анан да күйүп калуудан коркпостон тажрыйба топтой берүү керек. Азыр биринчилерден болуп 24 саат бою иштеген, эс алуучу бөлмөсү, бары бар сулуулук салонун ачтым. Биздин артыкчылык 24 саат бою иштөөбүздѳ. Келечектеги планым – бизнестин бардык түрүн ачуу. Улам жаңы нерселерди баштаганды жакшы көрөм. Бул мага хобби болуп калды, андан ырахат алам. Башында айтып өткөндөй, бизнесимди акчасы жок эле баштагам. Бүгүнкү күнү бизнес ачып жатып, ошол күнүмдү эстейм.  Күйүп кетсем өкүнүп кейибейм, тескерисинче, ал мага тажрыйба болот.

Айгерим Токтобай кызы 

Булак: Леди.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 − 78 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: