Menu

Кенжебек Бокоев, “РАЖ” фракциясынан ЖК депутаты: “Мыйзамдардын аткарылышын текшерүү боюнча жумуш бизде аябай начар”

Бөлүшүү:

— Кенжебек Сатымкулович, сиз бүгүн юстиция министрлигинин дарегине бир топ ачуу сын айттыңыз. Сизди бушайман кылган министрдин орун басарынын эне тилин билбегениби, же даярданбай келгениби?

— Депутаттар мамлекеттик тилде суроо берсе, ал орусча жооп берип атат. Өзү кыргыз улутунан болсо, бул этика жагына жарашпайт да. Экинчиден, ал мыйзамды аткарып, мамлекеттик тилде сүйлөшү керек. Дегеле мен премьер-министрге сунуш кылат элем: жумушка алып жатканда мамлекеттик тилди белбегендерди албаш керек. Мисалы, Россияда орусча билбеген жаран министр боло албайт да. Ал атүгүл эксперт болуп да кире албайт орусчаны билбесе. Болбосо Россия федаративдик мамлекет, Татарстаны, Чеченстаны, Дагестаны бар. Бирок, аларда “орусчаны билиш керек” деген талап бар. Ал эми биздин республика федеративдүү эмес, унитардык мамлекет. Демек, мамлекеттик тилди билбеген жаран мындай кызматка келбеши керек. Анан биз, депутаттар айла жок аларга орусча сүйлөп баштайбыз. Түшүнбөй турса эмне кыласың?..

Экинчиси, алардын деңгээли. Ал мыйзам долбоору боюнча баяндамага келгенде даяр эмес экен. Мына ошондуктан, депутаттардан көп сын пикир түшүп жатат. Ал деген профилдүү министр, ар тармактан келген депутаттардын суроосуна жооп бере албай, одоно айтканда, тантырап жатат. Комитеттин төрагасы “өкмөт даяр эмес” десе, өкмөт болсо “комитеттин баяндамасы” дейт. Ошон үчүн комитет да бүгүн күнөөлүү болуп калды. Комитеттин төрайымы да сын пикирлерди укту.

— Сиздин айтканыңызга караганда, мыйзамдар Конституцияга шайкеш келбей калган учурлар көп окшойт?

— Биринчи Конституция кабыл алынып, анан туура эмес болуп калган  мыйзамдар ага карата шайкеш келтирилет. Мыйзам кабыл алынгандан кийин өкмөт ошол мыйзамдын астындагы актыларды: жоболорду, токтомдорду, нормаларды шайкеш келтириши керек болчу. Бирок, шайкеш келтирилбегендери көп. Кээ бир жоболорду карасаң “облустук кеңештер” деп жүрөт. Биздин Конституцияда соттолгон жаран соттуулугу алынып салынганына карабастан, укук коргоо органдарына ишке кире албайт. Бирок, бизде Советтер Союзунан калган жоболорго таянып, мисалы, “милиция академиясына, же УКМКга жумушка кирем” десе кайнатасына чейин текшерип, ата-энеси камалган болсо да албай коёт. Бул мыйзамга каршы келет. Бул Конституцияга, мыйзамга шайкеш келтирилбегендиктен. Мындай шайкеш келбеген учурлар көп. Ошон үчүн мен бүгүн төрагага ошолорду атайын маселе кылып кароону сунуш кылдым. Бул, албетте, биздин парламенттин өзүнүн да күнөөсү. Кабыл алынган мыйзамдардын аткарылышын текшерүү боюнча жумуш бизде аябай начар. Парламенттик көзөмөлдү күчөтүү боюнча да жумуш начар. Биз бюджетти бир карап беребиз, ошол боюнча жылдын аягына чейин эсибизден чыгып кетет. Аны жыл бою көзөмөлдөш керек.

Керим Мурас

Булак: Азия Ньюс 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 74 = 82

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: