Menu

Нуржан Ташполот кызы: «Теледен кетүү жеңил болгон жок, көпкө ойлондум…»

Бөлүшүү:

Коомдук телеканалдагы «Ала-Тоо» берүүсүнүн алып баруучусу Нуржан Ташболот кызын акыркы учурларда теледен көрбөй калдык. Теле алып баруучу көрсө сулуулук салонун ачып, айымдардын сулуулугу үчүн кам көрүп жаткан убагы экен.

– Нуржан, сени теледен кетип, салон ачып бизнес- леди болуп кетиптир деп жатышат. Бул чечимге кандайча келип калдың?

– Менин Коомдук телеканалда иштегениме он жыл болуптур. Бул аралыкта көп нерсени кыйратып жибердим деп айтпайм, бирок штаттан сырткаркы кабарчыдан тартып «Ала-Тоодо» берүүлөрдү көзөмөлдөөчү редакторлукка чейин жетиптирмин. Ишимди чындыгында абдан сүйүп иштедим. Ар бир ишти сүйүп иштегенде гана үзүрүн көрөсүң деп айтышат го, жакшы күндөр өттү. Негизи Коомдук телеканал – куттуу жер, анда канчалаган залкар инсандардын изи калган. Биз ошолор баскан изди басып, алар кармаган буюмдарды кармап иштеп жүрдүк. Мен ал жерге 21 жашымда келсем, 31 жашка чейин иштеп жакшы тажрыйба топтодум. Бала кыял болуп келсем, чоңойдум. Үйгө караганда ошол жерде көп убактымды өткөрчүмүн. Ошондой куттуу жерде иштеп, экранга чыгып калганыма Кудайга ыраазымын. Эсимде, бала кезимде Нуржамал Бурханованы экрандан көрүп: «Ушул кандай бактылуу адам», – деп суктанчумун, кийин өзүм иштеп калдым. Менде Коомдук каналга болгон таарыныч эч нерсе жок, өзүмдүн каалоом менен кеттим. Менин кетишим жетекчилик үчүн да күтүүсүз, түшүнүксүз болуп калды. А мен болгону өзүмдү башка жактан сынап көргүм келди. Адам деген өзгөрүү үчүн жумуш ордун алмаштырышы керек экен.

– Айлык маянанын аздыгы да бир себеби болгон жокпу?

– Айлыктын аздыгынан кеттим деп айтпайм. Негизи айлыкка көп эле кишилер нааразы болот, бирок иштеп эле жүрбөйбүзбү. Мен да айлыктын аздыгына карабай эфирди сүйүп иштеп жүрдүм, бир да жолу «айлыгым аз» деп айткан эмесмин, жетекчиликке каршы сүйлөгөн эмесмин. Мен үчүн теледен кетүү жеңил болгон жок, көпкө ойлонуп ушул чечимге келдим. Коомдук телеканалдын башкы директору Илим Майрамбекович такай мени колдоп жүрдү. Калыйбек Шаршеналиевич да өзү чалып: «Эмнеге кетип атасың?» – деп сурады. Мен «кетсе кете берсин» дегендей кызматкер эмес экенмин, ордумду тааптырмын деп ойлойм, абдан ыраазымын.

– Эмнеге бизнестин башка түрү эмес, салон ачууну тандадың?

– Мен сулуулукту жакшы көрөм. Кичине кезимден диктор болуп эфирге чыгам деп кыялдансам, кийин элге сулуулук тартууласамбы же имидж студия ачсамбы деп ойлоп жүрчүмүн. Бул башаты деп ойлойм, Кудай буюрса, имидж студия ача турган тилектерим бар. Азыркы чөйрөм менден алыс эмес, анткени өзүм боёнуп, чачымды жасап эфирге чыгып жүрчүмүн. Косметологдун кызматын дайыма колдонуп, көп нерсесин билип калгам. Андыктан мен ачсам эмнеге болбосун деген ойго келдим. Анан мага сулуулукка кызмат көрсөтүү боюнча Кореянын фирмаларынын биринен сунуш түштү. Эч кандай кошулмасы жок, табигый косметикалык каражаттар экен, мага жакты. Ошол фирманын өкүлү менен сүйлөшүп калсам, ал: «Ушул косметикалык каражаттарды кантип элге таанылтса болот?» – деди. Ойлонуп салон ача турган болдум, алар менен келишип иштеп атам. Салонго косметологдорду алып ишти баштадым, бизге билинбегени менен жасай турган иши көп экен. Азыр баарын жасап атам, эми буюрса, Жаңы жылдан кийин ачылышы болуп, элди тейлеп калат. Азыр деле салондо косметологиялык кызмат көрсөтүүлөрдөн сырткары татуаж, макияж кызматтарын көрсөтүп жатабыз. Эми буюрса, кеңейип сулуулукка тиешелүү бардык кызматтарды көрсөтөбүз.

– Сен да өз колуң менен сулуулуктун кайсы бир түрү боюнча кызмат көрсөтөсүңбү же жетекчи болуп көзөмөлдөп гана турасыңбы?

– Мен макияж жасайм, атайын визажисттик курсту бүткөм. Андыктан өзүм деле тейлесем эмнеге болбосун. Эгерде салондогу кыздар жетишпей калса, албетте, мен да кардарларды тейлөөгө даярмын. Анткени кайсы бир команда болгондон кийин алар эмне иш менен алек болгонун билип, жон териң менен сезишиң керек.

– Өзүң сулуулук салонуна канча жолу барчу элең?

– Ай сайын косметологго бет, чач, кирпик, тырмак деп олтуруп 5-6 жолу барчумун. Эми ошонун баарын өзүмдүн салонумдан жасатам. Сулуулук деген каражатты талап кыла турган нерсе экен да. Эркектер сулуу аялдарды карап калышат го, ошол аял сулуулук үчүн оңбогондой каражат сарптады да. Ал эми өзүнүн аялына келгенде тескериленип акча аяшат.

– Канча бир убакыт өткөндөн кийин эфирди сагынсаң керек, эфир менен бул ишиңди айкалыштыруу тууралуу ойлор барбы? Мисалы, сулуулук жаатындагы берүү ачуу дегендей.

– Менин эфирден кеткениме бир ай болуп калды. Азыр телевизор көргөнгө убакыт жок. Бирок кесиптештеримди сагынып атам. Эфир менин экинчи жашоом десем болот, сүйүп иштедим, азыр да жакшы көрөм. Башында эки ишимди айкалыштырып бирдей алып кетейин деп ойлодум. Бирок «Ала-Тоодо» жумуш абдан жоопкерчиликтүү болгондуктан, кайра эки жакка чайналганды каалаган жокмун. Азыр деле таптакыр эфирге чыкпайм деп айта албайм. Учурда мага ылайыгы келе турган сунуштар түшүп атат, Кудай буюрса, эфирди таштабаганга аракет кылам.

– Карьера жагынан ишиң жакшы эле болуп атат, жеке жашооңду да ойлонуп атасыңбы?

– Баарынын сураганы эле жеке жашоо. Ар бир кыздын маңдайына качан күйөөгө тиери, качан балалуу болорун Жараткан жазып коёт экен да. Буюрса, ошол күн келет. Алдыда пландарда бар, мен да бир үйдүн очогун кармап, эне боло турган күн келет. Учурда жактырган адамым бар. Биз жакшы күндөрдү пландап атабыз, буюрса, 2018-жылы турмушка чыгып калармын.

– Кыздардын жашы улуулаган сайын талаптары да жогорулайт дешет, азыр сенин талаптарың аябай бекем болсо керек?

– Ооба, чынында талаптар жогорулайт экен. Жаш кезде жигиттердин сырткы келбетине эле карай берчүбүз. Жашың улуулаган сайын келбети жакшынакайдын баарынын мүнөзү жакшы эмес экенин билет экенсиң дегендей. Андан улам 17-18 жашымда эле турмушка чыгып кетсем болмок деп калам. Азыр жактырган адамым менин талаптарыма жооп берет. Менин өзүмдүн да мүнөзүм оңой эмес, аны жакындарым да билет. Бир үйдүн эрке кызы болуп чоңойгон кызмын. Ошондой эле ишенчээктик сапатым бар. Жакындарым: «Ишенбечи», – деп көп айтат. Астротөлгө боюнча Бөйөн жылдызында төрөлгөм, биз ак көңүл, сезимтал болобуз.

– Жаңы жылды кандай тососуң, негизи эле сен үчүн бул майрам канчалык маанилүү?

– Жаңы жыл майрамынын мен үчүн мааниси абдан чоң. Жыл сайын Жаңы жылды үй-бүлөмдүн кашында тосчумун, ата-энем экөө түгөл жанымда болушчу. Бир жарым жыл мурун атам каза болуп калды. Нарын суук болгондуктан апамды алып келип алгам, ошондон бери апам менин колумда. Азыр ойлосом, атам каза болор алдында тоскон Жаңы жыл баарынан өзгөчө болгон экен. Анда баарыбыз түгөл, чогуу элек. Андан бери апам, бир туугандарымдын коштоосунда өткөрүп атам.

Динара Чокоева

Булак: Леди.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 + = 96

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: