Menu

Өзбекстанда 1-февралдан тарта узак жолго чыккан автобустар текшериле баштайт

Бөлүшүү:

Өзбекстанда 1-февралдан тарта  Жол кыймыл коопсуздугу кызматы Өрт өчүрүү кызматы менен бирге узак жол жүргөн автобустарды, кичиавтобустарды техникалык кароодон өткөрө баштайт.

Өлкө бийлиги автожол транспорту менен чет жакка жолго чыккан өзбекстандык жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссия түздү. Аны вице-премьер Ачилбай Раматов жетектейт.

18-январда Казакстандын Актөбө облусундагы Самара-Чымкент автожолунда жүргүнчү ташыган автобус өрттөнүп, 52 киши каза тапкан. Алар Орусияга иштегени бараткан өзбек жарандары болуп чыккан. “Сетра” үлгүсүндөгү автобуста 57 киши бараткан. Бешөө ар кандай жараат алып, ооруканага жаткырылган. 23-январда маркумдардын сөөгү жерге берилген.

Өзбекстан бийлиги Казакстандагы автобустун өрттөнүшүнүн болжолдуу себептери камтылган токтомун жарыялады.

Документте транспорт каражатынын техникалык жактан бузулушу, салондо жылуулуктун жоктугу, коопсуздук эрежелерин сактабагандык, автобуста кишилердин ашыкча болушу жана өрткө каршы жабдууларынын жарактан чыгуусу аварияга себеп болгон деген божомолдор айтылат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 + = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: