Menu

Түркмөнстан президенти эстафеталык таякчанын үлгүсүн бекитти

Бөлүшүү:

Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов катышкан өкмөт жыйынында жеңил атлетика жарышы үчүн эстафеталык таякчанын үлгүсү бекитилди.

19-январда өткөн жыйында Бердымухамедовго Амулль-Хазар багыты боюнча Улуу Жибек жолун бойлой өтчү жарыш үчүн эстафеталык таякчанын үлгүсүн көрсөтүштү. Түркмөн лидери таякчанын үлгүсүн жактырып, чуркоого даярдык көрүүнү тапшырды.

2017-жылы ноябрда Түркмөнстан президенти Улуу Жибек жолунда автомобиль жарышын уюштурууну тапшырган. Кийинчерээк ал ушул эле багыт боюнча жалпы чуркоо жана веломарафон өткөрүүнү сунуштаган.

Гурбангулы Бердымухамедов – спорт сүйүүчүсү. Жаш кезинде күрөш менен машыккан. Учурда чабандес жана автоспортко кызыгат. 2013-жылы Ашхабадда өткөн Alfa Romeo унаа жарышында чемпион болгон. 2008-жылы Түркмөнстандын эгемендүүлүгүнүн 17 жылдыгына арналган мааракеде ага каратэ боюнча 10-дан ыйгарылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: