Өткөн жума соңунда Райым Матраимовго каршы каралоо кампаниясы башталып келип, көпкө узабай эле таш-талканы чыкты. «Телеграф» атты жамынып алган бузукулардын ушак урдурмайынан «Райым Матраимовго кылмыш иши козголду, өлкөдөн качып кетти…» дегендей суу кечпеген былжырак кептерди жайылтышты. Фейсбук колдонуучулардын арасынан кем акылдары ишенип алышып, бир беткей шыбаганга да үлгүрүштү. Бирок, чындык башкача эле. Эч кандай качып кетпегенин, кылмыш иши козголбогонун «Назарньюс» сайты тастыктап берди. Коомчулук күбө болууда, буга чейинки Райым мырзага каршы жазылган айыптоолордун баардыгы акырында жалган болуп чыгып атканына, акылга сыйбаган провокациялык аракеттер экенине ынандык. Ошентип, түн уйкусу бузулуп, интрига менен шугулданган айрым бактысыз эргулдардын тилектери таш каап, уят болуп калышты. Ооба, алардын ким экенин «хакерлер» иликтеп коюшту. Убагы келгенде кылган иштерине жараша жооп алышат.
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ