Menu

Жээнбековду, Исаковду, Сегизбаевди тоготпогон Кулматов «Атамбаев менен түз сүйлөшөм» деп төш кагып жүргөнү ырасталабы?

Бөлүшүү:

Бажы кызматына төрага болуп барган Кубанычбек Кулматов кадр саясатынын ашмалтайын чыгарып, оңду-солду жылдыруу иштерин кылып атканы системада нааразычылык жаратууда. «Мен президент Жээнбековго, премьер Исаковго, генерал Сегизбаевге дагы баш ийбейм, түз эле Атамбаев менен сүйлөшөм…» деп Кулматовдун мактанганы ырасталабы? Мындай оргу-баргы жүрүшү менен мамлекеттик кызматтын баркын кетирип, түбүнө жетип койбойбу? Эске салсак, 2010-жылдын 7-апрелинен кийин Кулматов бажы кызматына төрага, Чүй губернатору, Бишкек мэри, Кыргыз-орус өнүктүрүү фондусунун башчысы, андан соң Улуттук банктын төрагасы, ошентип, кайрадан бажынын «эки тизгин бир чылбырын» колго алды. Бир да ишинин өтөөсүнө чыга албады. Эмне, Кубанычбектен башка кыйын кадр жокпу? Бул барган жерин «саргайткан», кыргызга кылдай жакшылык кылбаганын билесиңерби? Акаев, Бакиев режимдеринде да мынчалык эркелеген, тайраңдаган кадр болбоптур. Кыскасы, бул кургурдан Кудай же Атамбаев эле куткарбаса, башкасынын алы жетпей калды го?..

Булак: Азия Ньюс 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: