Menu

Кыргыз Өкмөтү менен Эстония Өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салуудан качуу жана кирешеге салыктарды төлөөдөн четтөөнүн алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу Мыйзамга кол коюлду

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын  Президенти Сооронбай Жээнбеков “2017-жылдын 10-апрелинде Таллин шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эстония Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салуудан качуу жана кирешеге салыктарды төлөөдөн четтөөнүн алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам  Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңеши тарабынан 2017-жылдын 21-декабрында кабыл алынган.

Кош салык салуудан качуу жөнүндө эл аралык Макулдашуу башка мамлекетте салык салынуучу объектиге ээ болгон экинчи мамлекеттин субъектисине салык салуу боюнча макулдашуучу тараптын ар биринин укугун чектөөнүн эрежесин аныктайт. Ошол эле учурда бул  жоболорду ишке ашыруунун  ыкмалары салыктык укуктун мамлекеттик ички ченемдерин белгилейт.

Мындан тышкары бул Макулдашуу биринчи мамлекеттин резидентин экинчи мамлекетте басмырлаган салык салуудан коргойт. Макулдашуучу тараптардын компетенттүү органдарынын ортосунда маалымат алмашуу аркылуу салык салуудан качууга же макулдашуунун жоболорун кыянаттык менен пайдаланууга жол бербейт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 − 60 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: