Транспорт министри Жамшитбек Калилов элге берген убадасына турбайбы? Жогорку Кеңештин ыйык трибунасында туруп алып, «аба-ырайы кескин өзгөрүп суук болсо, Ош-Бишкек каттамы боюнча самолетко болгон билет баалары арзандайт» – деп билдирген. Учурда аба-ырайы кескин өзгөрүп, катуу суук башталды. Тилекке каршы Жамшитбек мырза депутаттардын алдында берген сөзүнө тура алган жок. Бир килейген министр бир кичинекей маселени чече албагандан кийин министр болуп отурууга моралдык укугу барбы? Кызматты кармабай өткөрүп берсин да. Өкмөт дал ушул Жамшитбектин кызматтык маселесин тез арада көңүл борборуна албаса болбойт. Эл нааразы болуп турат азыр, толкутуп албайлы…
Булак: Ачык саясат
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ