Menu

Фотобаян – Президент Сооронбай Жээнбеков «Ленинград блокадачыларынын кыргыз коомунун» төрайымы Анна Кутанова менен жолугушту

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-январда «Ленинград блокадачыларынын кыргыз коому» коомдук уюмдун төрайымы Анна Кутанова жана бул уюмдун мүчөсү Шамиль Мухамеджанов менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда Президент Сооронбай Жээнбеков Ленинградды коргоо Улуу Ата Мекендик согуш тарыхынын эң баатырдык барактарынан экенин белгиледи. «Блокадачылар дүйнөгө каармандыктын, кайраттуулуктун жана баатырдыктын үлгүсүн көрсөттү. Адамдын рухунун майтарылбастыгын жана ар намыстын күчүн көрсөтө алышты. Жигердүү коомдук ишмердигиңиздер үчүн биз сиздерге ыраазычылык билдиребиз. Мындан ары дагы жаш муунду бийик рухий жана моралдык сапаттарга тарбиялоодо жардам бересиздер деп ишенем. Оорубаңыздар. Бакубатта узун өмүр сүргүлө. Биз дайыма сиздерди колдоого даярбыз. Өз өмүрүн аябастан бизге тынчтык тартуулаган ата-бабаларыбыздын эрдигин жана баатырдыгын эч качан унутпайбыз”, – деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

«Ленинград блокадачыларынын кыргыз коомунун» төрайымы Анна Кутанова Президентке өздөрүнүн ишмердүүлүгү жөнүндө айтып берди. “Биздин ишмердик Кыргызстандагы тынчтыкты жана ынтымакты бекемдөөгө, жаштарды патриоттуулукка тарбиялоого, ата-бабаларынын баатырдыгын, согуш жөнүндө, Ленинграддын блокадасына чыдаган адамдардын эрдигин унуткарбоого багытталат. Биз үйүбүздө тынчтык жана биримдик болушун каалайбыз. Биз бул күндү урматтап, Ленинград шаарынын фашисттик блокададан бошогон күнүнө карата иш-чараларды уюштурабыз”, – деп белгиледи Анна Кутанова.

Шамиль Мухамеджанов бала чагында Ленинграддын блокадасында болгонун, Ысык-Көл областында балдар үйүндө тарбияланганын, өз өлкөсү үчүн эмгектенип келгенин айтып берди.

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков блокаданын ардагерлерине чың ден-соолук, баардык жакшылыктарды каалап, Анна Кутанованы туулган күнү менен куттуктады. Ардагерлер Кыргыз Республикасынын Президентинен белектерди алышты. Жолугушуунун соңунда эстеликке сүрөткө түшүштү.

Маалымдама: «Ленинград блокадачыларынын кыргыз коому» коомдук уюму 1994-жылы түзүлгөн. Төрайымы А.А.Кутанова баштаган уюм жыл сайын 18-январда жана 27-январда Бишкек шаарында Ленинград шаарынын фашисттик блокададан бошотулганына байланыштуу салтанаттуу иш-чараларды уюштурат. 2018-жылдын 18-январында Даир Асанов атындагы Жеңиш багында Ленинграддын блокадасы бузулгандыгынын 75 жылдыгына арналган эскерүү митинги болуп өттү. Бүгүн, 26-январда Ленинград шаарынын фашисттик блокададан бошотулгандыгынын 74 жылдыгына арналган “Эскерүү коңгуроосу” иш-чарасы өткөрүлөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: