Парламенттеги эки КСДПчы Узарбек Жылкыбаев менен сары чийкил Данияр Аттокуровду билесиңер да. Буга чейин биздин гезитке Ысык-Көл облусу боюнча чыккан сын макалалар, береги эки депутаттын бүтүндөй Көл кылаасына кылып жаткан кешөгө артындагы кадрдык жүрүштөрүн, референдумга колдоо алып бере албай койгон кадамдарын чагылдырсак, «биздин кашаң жүрүштөрүбүзду гезитке эмнеге айтып, жаздырып, арызданып жатасыңар?» деген тейде жергиликтүү активисттерди омуроолоп жатканы кандай? Бу эрендер жердештерин омуроологонду коюп, «башын жуубай биттен көрүп, үйүн жыйбай иттен көргөн» кадамдарынан арылышпайбы? Узар Жылкыбаевди го билебиз, кайсы чөйрөдөн саясатка келгендигин (омуроолоп көнүп калган дегендей), берки сары чийкил Данияр Аттокуров өзү жөнүндө жазылгандарды бирөөлөрдөн көргөндү коюп, партиялашы Ренат Самудиновдун ага карата айткан сындарына жооп узатпайбы? Эл өкүлү ачык болушу керек да.
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ