Menu

Кыргызстан – алдыдагы 25-жыл

Бөлүшүү:

Дүйнө башкарылат. Аны империя башкарат. Империянын пайда же жок болушун эч ким билбейт. Ал Жараткандын колундагы иш. АКШнын көзгө басар идеологу З. Бжезинскийдин “Дүйнөнүн шахмат доскасы” китебинде ушулар туурасында жазылат. Эч кандай идеологиясы жок эле, ал АКШнын азыркы империялык абалын Кудайдын берген ооматы деп баалайт. “Мезгил келгенде Америка жок болот, бирок азыркы саясатчылардын милдети кутту колдон чыгарбай бекем кармап туруш керек” дейт ал.

Империянын көйгөйү дүйнөнү башкаруу, башка өлкөлөргө таасирин кеңейтүү. Алмустактан бери эле дүйнөнү башкаруунун бир гана жолу болгон. Боёгун өзгөртпөсө, өзөгү ошол эле. Ал Гитлердин айтканындай:

— Басып алган же биздин таасирде турган өлкөлөрдүн ар бир кыштагына чейин радио коюп, андан тынымсыз рейхтин идеясын жайылткан жаңылыктарды, арасында ыр-күүлөр менен коштолгон музыка бергиле. Музыка, музыка, музыка… Жаштары тынымсыз ырдап-бийлеп, шарактап шапар тээп жүрүп, өз элинин тарыхын, өткөнүн билүүгө убакыт таппасын.

— Окуу, билим китептерин оор, татаал, өздөштүрө албай тургандай жазгыла. Биздин акылыбыз кем, алдыңкы технология, илим биз үчүн эмес деген ой жаш кезинен, өзүнөн-өзү жаралсын. Колуна курал, техника эмес, күрөк, кетмен карматкыла.

— Адамзаттын акылдуулары жазган китептерден алыс кармап, саясий идеяларга сугарып, көзүн ача турган болбогула. Антсек, алар бизге каршы турат. — Элдерине эркиндик деген ушул болот деп ээн ооздукту таңуулагыла. “Жасалма интеллигенция” түзүп, алар аркылуу биздин идеологияны жайылтканга шарт түзгүлө.

— Мамлекеттик тескөө дегенди жоготуп, элдерине жеке кызыкчылыктын тегерегиндеги гана ойду таңуулап, маданий деңгээлин төмөндөткүлө ж. б. З. Бжежинскийдин китеби да ушул өңүттө. Россияны кантип алсыздандырыш, Кытай менен Японияны кантип жакындатпай кармаш, а түгүл Батыш Европаны- Германия, Англия ж. б. кантип тизгиндеш керек деген ой.

Бул саясат. Саясатта кызыкчылык гана болот. Дос, тамыр деген жок. Айрыкча империялык саясатта. Биз ушул чоң оюндун айлампасына кирип алып, эмне кылып, каяка барарыбызды билбей башыбыз маң. Заман, мезгил өзгөрүп, ага жараша анын талабы да өзгөрүп, биз ага даяр эмес экенибизди моюнга албай жатабыз. Ооба, жакшы болсун деген тилек бардыгыбызда бар, андан шек саноого болбойт. Бирок өлкөнүн өнүгүшү үчүн жалгыз эле каалоо аздык кылат. Демократия дейбиз. Дүйнөдө, жашоо деңгээли боюнча алдыңкы он өлкөнүн катарына кирген Катар, Кувейт, Бахрейн, Бруней жана башкаларда демократия жок. Биз мисал кылган Сингапур, Тайван, Малайзияда да толук жок. Алыска кетпей жаныбыздагы Кытайды алайлы. Казакстанда демократия барбы? Эгер демократия деген анча эле мыкты болсо, алар эмне аны албайт?! Адатта, улуу идеялар империядан чыгат. Жетиле элек эл ага ишенип тузакка чалынат, жетилген эл жакшы-жаманын ылгап, өзүн кыйнабайт. Негизи, идея үчүн өлгөн кыргыз жок. Ата-Мекен үчүн бул башка сөз.

Демократия байыркы гректерден бери эле келе жатат. Бирок, анын классикалык варианты-эл үчүн, эл тарабынан шайланган бийлик эч качан болгон эмес. Эч ким танбайт, коммунизм, социализм, демократия… дегендер адамзаттын гений уулдарынын ачкан табылгасы. Ал бардыгына тийиштүү. Ошондуктан, азыркы заманда баардык өлкөлөрдө бул түшүнүктөрдүн элементтери бар. Алар аралашкан. Биринде көп, биринде аз. Бул эми өзүнчө чоң сөз, теория.

Фактыга таянсак, өткөн кылымда эзели болуп көрбөгөн тенденция пайда болду. Буга чейин эч качан империянын перифериясы, борбордон жакшы жашаган эмес. Алардын болгон байлыгын, метрополия өзүнө ташып турган. Согуштан кийинки эки системанын кагылышуусунан соң адамзаттын туура жолго багыт алганбы, же башка себеби алгач АКШнын таасиринде калган Тайван, Англиянын карамагындагы Гонконг, Португалиянын Макаосу (бардыгы Кытайдын жери) алдыга суурулуп чыгып өздөрүнүн колонизаторлорун жашоо деңгээли боюнча артка таштады. Алардын артынан Бруней, Сингапур, Катар, Кувейт кетти. Ошондо эле эки системанын кайсынысы түзүк деген маселе чечилип, СССРдин кыйрашы маалымдалган.

Демек, дүйнө өзгөрдү. Империянын саясаты да. Алар азыр вассалдык өлкөлөрүнө кеңири экономикалык, финансылык, а түгүл, саясий автономия берип, өнүгүшүнө да киришпей, согуштук таасирин жоготпоого гана макул болуп отурат. Мындан бир гана жыйынтык чыгат. Биздин өнүгүшүбүзгө өзүбүздөн башка эч ким тоскоолдук боло албайт.

Жашоо кыска. Кыргыз элине азыр эмне керек? 30 миң айлык, 8 сааттык жумуш күнү. Бүттү, мигранттардын бардыгы айтка кайтат. Кыргызстанда проблемалар азырынча чечилет.

Атактуу Форддун айтканы бар: Коммунизм болсо эле эл жыргап кетет деп алар жарытпады, капитализм гана жыргатат деп булар жарытпады. Бул саясат. Элге эмне керек? Жумуш. Мен ошону бердим. Ирландияга, Тайванга, Бразилияга завод ачтым, мыкты маяна төлөдүм. Алгач ал жактарга ачпа, алар жапайылар, бандиттер деп акыл үйрөткөндөр кийин таң калышты. Ошол жапайылар жетишерлик айлык алган соң бир айда эле оңолуп-түзөлүп, мыкты адамдарга айланды. Көрсө адамды айбан кылган жумушсуздук, жетишпестик экен. Жакшы башкаруучу түзөт, курат, жаман башкаруучу бузат.

Бул ойго дүйнөдөгү элдин 90%- кошулат, маселенин маңызы ушунда. Бирок, бул татаал маселе. Ал үчүн терең көрөңгү, Кудай берген сапат керек. Андай нерсе бизде жок, азырынча. Анткени, биздеги бардык саясатчылар, экономисттер, илимпоздор, ишкерлер… чогулуп келсе да элге жетишерлик маяна бере албайт. Алардын өндүрүш, экономика, финансы, банк тармактарынан болгон түшүнүгү тайкы, көрөңгөсү тайыз. Аларда жалгыз гана “токуму желген” сөз бар – коррупция, паракорчулук, ж. б. Эч ким танбайт, бул нерсе бизде бар, бирок, урдалган нерсени толук ордуна койгондо да эч нерсе чечилбейт. Болгону, айлыктар 10–20%ке көтөрүлүшү мүмкүн. Анткени, биздин өлкөнүн бюджети, өнүккөн өлкөлөрдүн бир чакан шаарчасынын бюджетинен да аз. Маселе ушунда, бюджеттин көлөмүн беш, он эсе көтөрүүдө турат. Бул азыркы эл башындагылардын колунан келбейт.

Эл аралык эксперттердин анализи боюнча эгемендүүлүк алгандан бери эле чыгарылган дүң продукцияны адам башына эсептегенде биз дүйнөдө 140-орунда турабыз. Бул Сомали жана Африканын артта калган чакан өлкөлөрүнүн катары. Кошунабыз Казакстандан 100 орун аркада турабыз. Бизди ушул ойлондуруш керек, эгер намыс болсо. Калганын кой, кантип Казакстанды кууп жетебиз деген? Ага билим керек. Кандай билим? “21-кылым маалымат заманы. Ким маалыматка ээ болсо ал дүйнөнү башкарат” деп батыш футурологдору айткандай заманбап билим англис тили аркылуу келет. Анткени, дүйнөдөгү маалыматтын жетимиш проценти ушул тилде болуп жатат. Англис тили аныгында эле эл аралык, улуттар аралык баарлашуунун кызматын аткарып, бизнес, жаңы технология жана илимий ачылыштардын булагына айланды. Ким бул тилди ыкчам өздөштүрсө анын келечеги да башкалардан кескин айырмалана турганы анык болууда. Ошон үчүн, бул аксиоманы анык билген Акаев, Бакиев балдарын чет өлкөдө окутушту. Башка кыргыз элитасы да ушул аракетте экендиги белгилүү. Бул биздин өтө талуу жерибиз… Башка өлкөлөр ошол эле Япония, Сингапур, Малайзия ж. б. учурунда шыктуу, зирек, акылы тунук жаштарды элдин арасынан таап, мамлекеттин эсебинен Батышка миңдеп жөнөтүшкөн. Бизде кол ийрисине тартат. Учурунда чоң мүмкүнчүлүк келген эле. Бул АКШнын Ганси авиа базасы болчу. Алардын аренда акысы менен авиамайдан түшкөн эбегейсиз каражат эки президенттин эрке уулдарынын чөнтөгүнө кирип, кумга сиңген суудай жок болду. Анын ордуна биз АКШга шарт коюп, миңдеген балдарды окутуп алсак Кыргызстандын азыркы абалы башкача болмок. Азыр да бул маселеге жеткиликтүү көңүл бурул элек. Кудай бизге башка элдердей эле асыл баш, алты сан берген. Ага кошуп кереметтүү жер да берген. А түгүл элге багыт, жарык чачуучу кеменгерди да берген. Учурунда Чыңгыз Айтматов “Цивилизациянын чордонуна умтулгула, ал батышта турат” деп бекер айткан эмес. Бул насаат унутта калды. Биз өзүбүздүн көйгөй менен гана алпурушуп, дүйнөдө кандай процесстер болуп жатат көңүл бурбайбыз. Алыска кетпей, коңшу мамлекеттерди эле алалы. Мисалга, Кытайда англис тилин үйрөнүүгө 300 млн адам киришип, алар дүйнөдөгү мугалимдердин көпчүлүгүн өзүнө тартып алышты. Артынан Индонезия, Вьетнам, Филиппин кетип баратат. Япония бул тилге экинчи официалдуу деген статус бергени жатат. Батыш Европа калкынын 50% ашууну ушул тилди билет. Телегейи тегиз деген Швецияда мектеп окуучуларынын 70% убактысы ушул тилди үйрөнүүгө кетип жатат. Анткени, алар өлкөнүн өнүгүшүнө бул тил түз таасирин тийгизе баштаганын билет. Алыска барбай, дале болсо, жаныбыздагы Казакстанды карайлы. Н. Назарбаев англис тилин үйрөнүүгө миллиарддаган теңге бөлдү. Жогорку класстын окуучулары менен студенттерине англис тилинде лекция окууга киришип жатат. Казакстанда калктын 15% ушул тилди билип (Россияда бул көрсөткүч 5%) алдыңкы технология, жогорку тактыктагы аспаптар, инструмент-станоктор менен иштеп, өндүрүлгөн продукциянын эл аралык, конкуренцияга туруштук берүүчү сапатка жеткирип жатышат. Аны биздеги магазиндердин текчесинен эле көрсө болот. Ал эми биздин товарлар сапатсыз делип кошуна чегарада өтпөй турат.

Эл каттоонун негизи боюнча бизде калктын 0.01% гана (5000 адам) англис тилин билет. Бул маселеге эч ким көңүл бурбай жатат. Окуу куралдары, заманбап ыкма, кыргызча-англисче китептер… жок эсе. Анан кантип өнүгөбүз? Кантип эл аралык саясий, илимий, маданий, экономикалык… алкакка киребиз.

Жыйынтык өзүнөн-өзү эле чыгат.

  1. Жаңы муунду биз түз жолго баштап, терең билимге сугарып, өнүгүүнүн законченемдүүлүгү менен жаркын келечекке жол ачабыз.
  2. Же тапталган жолдон чыкпай элдин башын айландырып партия, фракция, референдум, шайлоо деп, ал эми чүмбөттүн ичинде тууганчылык, жердешчилик, партиялаш деген нерсе менен сазга барып тыгылабыз.

Суу артка акпайт. Кыргыз элитасы, эгер ал бар болсо, азыр өлкөнүн, элдин алга жылышына дамбадай тоскоол болуп, алдын тосуп турат. Бирок, бул убактылуу көрүнүш. Болгону биз убакыттан гана уттурабыз. Суу эртеби-кечпи жарып чыгат…

Ш. Назаралиев

Булак: Жаңы Ордо 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 36 = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: