Өткөн дем алыш күндөрү Өзгөн районунун Шагым айылында ири ат оюндары болуп, ага миңге жакын чабандестер катышты. Бул тууралуу айыл тургундары билдирет.
Алардын айтымында, Чыңгыз жана Жыргал аттуу эки бир тууган уулдарынын урматына той өткөрүшкөн. Алар айыл тургундары үчүн ат оюндарын өткөрүшкөң. Оюнду уюштурууга жана сыйлыктарды алууга достору жана туугандары жардам беришти. Оюндарга облустун бардык аймактарынан ышкыбоздор келишти, Казакстан жана Өзбекстандан дагы оюнчулар келишти. Баш байге кататы 10 төө, 10 топоз, бир унаа, акчалай сыйлыктар жана чемпиондук алтын кур сайылган.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ