Menu

КР БШК менен саясий партиялардын ортосундагы Меморандумдун тексти

Бөлүшүү:
2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышып жаткан саясий партиялардын ортосундагы меморандуму

Бишкек ш.                                                2020-жылдын 4-сентябры

Биз, тѳмѳндѳ кол койгон 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн талапкерлердин тизмесин кѳрсѳткѳн саясий партиялардын ѳкүлдѳрү,

Кыргыз Республикасынын жарандарынын жыргалчылыгын, социалдык–экономикалык өнүгүшүн жогорулатууга көмөктѳшүүгѳ умтулуп, тынчтык, туруктуулук жана Кыргызстандын келечекте гүлдѳп өнүгүшү үчүн жалпы жоопкерчиликти аңдап сезүү менен,

шайлоодо бардык катышуучулар үчүн жарандардын кызыкчылыктары артыкчылыктуу болууга тийиш экендигин, ал эми адамдардын колдоосу үчүн реалдуу иштер гана кызмат кыларын таанып,

шайлоо реформасынын жүрүшүндө шайлоонун жыйынтыктарынын аныктыгы жана ачык-айкындулуугу реалдуу атаандаштык үчүн жакшы негиз болуп санала тургандыгын таануу менен, Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык шайлоону калыс жана акыйкат ѳткѳрүү үчүн аракеттенебиз.

Шайлоо комиссияларынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ѳкмѳттүк эмес уюмдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн жана жарандык активисттердин катышуусунда ушул Меморандумга кол коюп жатып, эл алдында төмөндөгүлөргө милдеттенебиз:

-Кыргыз Республикасынын Конституциясынын талаптарын кыйшаюсуз аткарууга, Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндө мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын ченемдерин сактоого;

-шайлоо өнөктүгүн ачык-айкындуулуктун жана өз ара сыйлашуунун, жарандардын кызыкчылыктары менен укуктарынын артыкчылыктуулугунун, мыйзамдын үстөмдүгүнүн принциптеринде жүргүзүүгө;

-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин шайлоого катышкан саясий партиялар жана шайлоо процессинин башка катышуучулары менен конструктивдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө, саясий оппоненттер менен талаш-тартыштарды мыйзамдын негизинде ачык, жалпы талкуунун негизинде чечүүгө, ошондой эле талаш-тартыштарды чечүү боюнча органдын акыркы чечимдерин кабыл алууга жана сактоого;

-жаштардын, ден соолугунун мүмкүнчүлүктѳрү чектелген адамдардын жана аялдардын саясий иштерге жана добуш берүүгѳ тең укуктуу катышуусуна жана жетишүүсүнѳ кѳмѳктѳшүүгѳ;

-шайлоо процессинде этикалык жана моралдык нормаларды сактоого, бири бирибизге карата булганыч технологияларды пайдаланбай туруп үгүт иштерин жүргүзүүгө,

-билип туруп жалган маалыматтарга негизделген, башка талапкерлердин, саясий партиялардын ар-намысын, кадыр-баркын жана иштиктүү беделин кемсинткен жарыялоолорду жайылтпоого;

-шайлоо жѳнүндѳ мыйзамдарда белгиленген үгүт эрежелерин, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет-басылмаларда жана социалдык медиаларда үгүт жүргүзүүдѳ сактоого;

-социалдык медиа мүмкүнчүлүктѳрүн атаандаштарга каршы курал катары пайдаланбоого; булактары белгисиз болгон маалыматтарды социалдык медиада жайылтпоого;

-социалдык медиалардагы саясий жарнактарды партиянын шайлоо фондунун каражаттарынан тѳлѳѳ жана мындай жарнактарды шайлоо ѳнѳктүгүн каржылоо жѳнүндѳ отчеттордо чагылдыруу; социалдык медиаларда саясий жарнактарды жайгаштыруу үчүн жалган адамдарды пайдаланбоого;

-добуш берүү күнүнѳ чейин 24 саат калганда жана добуш берүү күнү үгүт жүргүзбѳѳгѳ жана социалдык медиаларда добуш берүү күнүнѳ чейин 5 күн калганда жана добуш берүү күнү коомдук пикирлерди сурап-билүүнүн жыйынтыктарын жайылтпоого;

-шайлоочулардын добуштарын сатып алууга өзүнүн катышуусун жана өз өкүлдөрүнүн, ишенимдүү адамдарынын, партиялаштарынын, үгүт жүргүзүүчүлөрдүн, туугандарынын, досторунун, тааныштарынын жана башка адамдардын катышуусун болтурбоого, шайлоочулардын добуштарын сатып алууга каршы бардык чаралар менен күрөшүүгө, анын ичинде укук коргоо органдарына көмөк көрсөтүүгө; шайлоочуларды добушун добуш берүүнүн купуялуулугу корголо тургандыгына, башка адам кандай добуш бергендигин эч ким билбей тургандыгына ишендирүүгѳ;

-өздөрүнүн максаттарына жетишүү үчүн административдик ресурстарды пайдаланууну, анын ичинде кызматтык же кызмат абалынын артыкчылыктарын пайдаланууну жокко чыгарууга;

-күч колдонуу менен коркутуу же социалдык жаатташуу жана каршылашуу, талапкерлердин жана саясий партиялардын ичинен атаандаштардын шайлануу мүмкүнчүлүгүн каралоо же басаңдатуу максатында күч колдонууга көкүтүү камтылган маалыматтарды, үгүт жана маалыматтык материалдарды интернет жана башка ресурстар аркылуу расмий же жашыруун басып чыгарбоого жана жайылтпоого;

-добуш берүү жана добуштарды эсептөө процессинде жарандардын өз эркин билдирүү эркиндигине укукка сыйбас таасир көрсөтүүнүн ар кандай аракеттеринен баш тартууга, добуш берүүнүн жашыруундуулугун бузбоону колдоого;

-шайлоо процессинин бардык катышуучуларына карата ачык болуу жана сыйлоо принциптеринин негизинде калыс жана акыйкат шайлоолорду өткөрүүгө ар тараптуу көмөктөшүүгө, шайлоо комиссияларына, аккредитацияланган байкоочуларга жана укук коргоо органдарына алардын ишинде көмөк көрсөтүүгө;

-шайлоо алдындагы мезгилде жана шайлоодон кийин ыңгайлуу жана тынч шарттарга кѳмѳктѳшкѳндѳй кырдаалда шайлоо кампаниясын уюштурууга жана ѳткѳрүүгѳ.

Биз шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн талапкерлер жана саясий партиялар менен өз ара аракеттенүү үчүн калыс жана ачык болууга, ал эми жалпыга маалымдоо каражаттарын- бурмалоолорго жана манипуляцияларга жол бербей, адилеттүү жана объективдүү болууга чакырабыз.

Ушул Меморандум кол коюлган учурдан тартып күчүнѳ кирет жана 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган шайлоолордун натыйжалары белгилүү болгонго чейин колдонулат.

Бирдей юридикалык күчкө ээ болгон кыргыз жана орус тилдеринде Бишкек шаарында 2020-жылдын 4-сентябрында кол коюлду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 − = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: