Menu

СДПКнын дөөгүрсүгөн депутаты Анвар Артыков артыкчылыктарга тойбойбу?

Бөлүшүү:

Жакында эле ЖКнын депутаты Анвар Артыковдун жолтандабасы менен жол жээгине токтоп, МАИ кызматкерлерин тоготпой жатканы тууралуу тасма коомчулукка тараган. Бирок, ошол осол иши үчүн уялып калгандын ордуна артыкчылыктарга өзүн эгедер ката­ры сезип, эгемен элге бараандуу эмгек сиңиргенсиген Анвар Артыковдун дагы бир жообу интернетте пайда болду.
Анда ЖКнын депутаты өзүнө кызматтык кварти­ра алып, ага кызын жашатып жатканын ачык айтып, ал турсун “Акаев, Бакиев тартып ала албаган квартираны эми ким тартып алмак эле” деп дөөгүрсүгөн үн менен журналисттерге бурк эткени угулат. Демек, КСДПдан депутат болгон Анвар мырза таптакыр эле өзүн кол тийгис сезип,миңдеген үйү-жайы жок,өкмөттө аз айлык менен иштеп, өмүр бою өкмөттөн берилчү батирди күтүп жүргөн кыргызстандыктардын өзүн абдан эле артык көрөт окшобойбу? Же президенттен өзгөчө статус алып алганбы?
Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 − = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: