Өзбекстандын эл артисти жана баатыры Абдулла Арипов 5-ноябрда 75 жаш курагында Хьюстондо дүйнө салды. Өткөн бейшемби күнү акындын бөйрөктөрү иштебей калып, комага түшкөн. Ал ошол замат Хьюстон клиникасына жаткырылган болчу.
Өзбекстан гимнинин автору Абдулла Арипов акыркы эки айдан бери Американын Техас штатындагы кызыныкында конокто жүргөн эле.
Абдулла Арипов 1941-жылы жарык дүйнөгө келген. Университетте журналистика факультетин бүткөндөн кийин ар кыл басылмаларда редактор болуп иштеген. Анын ичинде Өзбекстан жазуучулар биримдигинин төрагасы катары дагы эмгектенген. 1988-жылы ал Автордук укуктарды коргоо комитетинин төрагасы болуп дайындалган.
2000-2001-жылдар аралыгында Абдулла Ариповдун “Тандалма чыгармалар” аттуу төрт томдук жыйнагы басылып чыгарылган. Акындын ырлары орус жана башка тилдерге которулган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ