Швейцариянын Давос шаарында өтүп жаткан 48-дүйнөлүк экономикалык форумда премьер-министр Сапар Исаков баштаган Кыргызстандын делегациясы 24-январда Эл аралык авиация уюмунун (ИКАО) жетекчиси менен жолугушту. Өкмөт башчынын кеңешчиси Талант Султановдун “Азаттык” радиосуна билдиришинче, анда Кыргызстандын авиакомпанияларын Эл аралык авиация уюмунун “кара тизмесинен” чыгаруу маселеси көтөрүлгөн. Ал бул туурасында: «Эл аралык авиация уюмунун башчысы бизге жакшы сунуштарды берди. Ошолордун баарын эске алып, иштейбиз деп турабыз», – деп билдирди. Аталган уюм менен Евробиримдиктин Кыргызстанды “кара тизмеге” кошуп, Кыргызстандын самолётторун өз аймагына киргизбей келе жатканына он жылдан ашты. Буга самолёттордун эскилиги жүйө келтирилген.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ