Menu

Президент Трамп иммиграциялык реформанын планын сунуштады

Бөлүшүү:

АКШ президенти Дональд Трамп Америкага жаш кезинде ата-энелери менен келген 1,8 миллион мигрантты легалдаштыруу боюнча планды сунуштады. Жумуштары бар жана мурда соттолбогон мындай кишилер 10-12 жылдан кийин америка жарандыгын алуу үчүн арыз тапшырса болот.

Бул пландын пункттарынын бири Мексика менен чек ара көзөмөлүн катаалдаштыруу жана иммигранттардын жалпы санын кыскартуу болуп эсептелет.

Акүй Сенат мыйзам долбоорун февралда бир окуудан кабыл алат деп үмүттөнүүдө. Документте Мексика чегине дубал тургузуу үчүн 25 миллиард доллар бөлүү жана Канада менен чек ара өткөрүү режимин катаалдаштыруу каралган.

Барак Обама президент болуп турганда кабыл алынган жарлыкка ылайык, АКШга бала кезинде келип, бирок алардын өлкөдө жүрүү мөөнөтү мартта бүтө турган 700 миңдей иммигранты депортациялоого бөгөт коюлган. Азыркы администрациянын эсеби боюнча дагы ушунча иммигрант Америка бийлигинин колдоосуна муктаж жана Трамптын планы алардын көйгөйүн чечүүгө багытталган.

Иммигранттардын макамы тууралуу республикачылар жана демократтар ортосундагы конфронтация бюджеттик каржылоодон кол жууган көптөгөн мамлекеттик мекемелердин үч күнгө жабылуусуна алып келди. Сенаттагы көпчүлүктүн лидери, республикачы Митч Макконел президенттин демилгеси иммиграциялык маселелерди чечүүгө жардам бериши керек деп эсептейт. Демократиялык партия өкүлдөрү Трамптын сунушун иммигранттардын үй-бүлөлөрүн бөлүп жаруу жана дубал тургузууну акчаны асманга чачуу деп сынга алышты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 − 34 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: