Президент Сооронбай Жээнбеков аймактарды өнүктүрүү жөнүндөгү жарлыгын ишке ашырыш үчүн түзүлгөн жумушчу топтун алгачкы отурумунда «Кыргызстанда аймактык лобби күчөп баратканын айтты. Өлкө башчысы “аймактарды өнүктүрүү саясатын өзгөртпөсөк, айырмачылык андан ары тереңдей турган болуп жатат” деп белгилеп, өлкөнүн өнүгүүсү “бир-эки гана аймактан көз каранды болуп калды” деген оюн билдирди. Бул туурасында: «Жашырганда эмне, кайсы региондон чиновниктер менен депутаттар көп болсо, капитал ошол жакты карай агып жатат. Аймактык лобби күчөдү. Ал эми калган региондордун өнүгүшү артта калды. Өнүгүүнүн балансы бузулду», – деп белгиледи. Президент “аймактардын өнүгүшүн рынок чечет” деген саясат өзүн актабаганын, мындан ары көз карашты кескин өзгөртүү зарыл экенин айтты.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ