Menu

Жардам беребиз деп кыңкыстады…

Бөлүшүү:

Эмне кылаардын айласын таппай, саясаттагы келечеги бүдөмүк болуп, «иттен жок же ит байлаган жиптен жок» кал­ган Бакыт Төрөбаев, кайтыш болгон кадырын кантип кайтарышты билбей аргасы куруп турат. Мурда Жогорку Кеңешке басып келгиси келбей ыңгырап калса, президенттик шайлоодон кийин саясий аброю нолго түшүп, натыйжада эптеп элге көрүнүп туруу үчүн парламентте ылайыгы келген да, келбеген да маселеге мурдун тыгып, президентке кошомат кылып, өкмөткө сын айтканды өнөргө айлантты. Сыягы, сын айтсам эле эл колдойт деп ойлоп алган окшойт тар

түшүнүгүндө. Алыс барбайлы, кечээ парламенттик жыйында Экономика министри Артём Новиковго «2018-жылды “Аймактарды өнүктүрүү жылы” деп жарыялоо эң туура кадам деп эсептейбиз. Сиз ар бир айылдарга барып, так тапшырмаларды коюп иштешиңиз шарт. Бизге кайрылсаңар көп программалар бар. Калкты жакырчылыктан чыгаруу боюнча сунуштарды берүүгө даярбыз”, – деп акылдуусунуп,кабинетте отурбай, аймактарды кыдырып иштөөнү сунуштады. Минтип президентке жылма кошомат айтып, бизден жардам керек болсо берүүгө даярбыз дегендей кыңкыстады…

Булак: Фабула

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 − = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: