23-январга оогон түнү Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары Астанадан 50 чакырым алыстыкта бузулуп калган автобустагы 47 өзбекстандыкка жардам көрсөтүштү.
Мекеменин өкүлү Руслан Иманкуловдун билдиришинче, куткарылган өзбекстандыктар Агротехника колледжинин имаратына жеткирилип, ысык тамак жана жылуу төшөнчүлөр менен камсыздалышкан. Алар анда эртең мененкиге чейин болушуп, андан соң атайын автобус менен Астанага жеткирилген.
Маалыматка караганда, -40 градуска жеткен суукта жүргүнчү ташыган автобустун күйүүчү майы тоңуп калган.
23-январда Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев жергиликтүү бийлик органдарына айдоочулар менен жүргүнчүлөр үчүн жылынуу пункттарын жана ысык тамак уюштурууну тапшырган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ