«Сууга салса чөкпөгөн, отко салса күйбөгөн» азыркынын накта «баатыры» Саламаттыкты сактоо министри Таалайбек Батыралиев экен. Канчалаган нааразычылык, сын-пикирлер айтылып, ишиндеги оркойгон алешемдиктерин Жогорку Кеңештин депутаттары казып чыкканына карабастан кызматында былк этпей отурат. Ал түгүл келеке кылып, «Мына кетет, мына кетет дешет, бирок алтынчы өкмөт башчы менен иштеп жатам», – деп эч ким кылымды кыйшайта алган жок дегендей шакаба чегип, каршы чыккандар менен күрөшүү мындан ары эми күчөй тургандыгын жар салды.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ