Президент Сооронбай Жээнбековдун кызы Бактыгүл жана күйөө баласы Атабек Абжалиев ыктыярчылык кылып, коронавирустан даарыланып жаткан ооруканалардагы дарыгерлерге тамак-аш таратып жүрүшөт. Бул тууралу жаш саясатчы Мурат Соорбеков өзүнүн Facebook социалдык тармагындагы баракчасында сүрөттөрү менен кошо жарыялаган.
“Менин личкама Президент Сооронбай Жээнбековдун кызы жана күйөө баласы волонтёрлук кылып, covid – 19дан даарыланып жаткан ооруканалардагы врачтарга тамак-аш таратып жүргөн сүрөттөрүн жиберишиптир.
Чындап эле сүрөттө Президенттин кызы менен күйөө баласы өздөрүнүн машинасын минип алышып, жакшы үлгү көргөзүп жүрүшөт экен.
Бул көрүнүш, башка саясатчылардын балдарына да үлгү болчуудай экен.
Азыркы учурда баарыбыз биригип, илдетке каршы турушубуз керек, ынтымакта гана бул кыйын мезгилден чыга алабыз”, – деп жазат Мурат Соорбеков.
Эске салсак, Сооронбай Жээнбековдун эки баласы бар – бир кызы жана бир уулу. Бактыгүл Жээнбекова Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулуна турмушка чыккан. Кичүү уулу Иман Бишкектеги мектептердин биринде 5-класста окуйт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ