Казакстандын Акмоло облусунда Алматы-Екатеринбург трассасында кыргызстандыктар түшкөн автобус бузулуп калган. «Казин-форм» маалымат атенттити кабарлагандай, автобус Жалал-Абад- Пермь-Мосүва багыты боюнча бараткан. Анын ичиндеги 21 кишинин баары кыргызстандык болуп чыкты. Анда Van Hool үлгүсүндөгү автобустун майы тоңуп калган. Алардын баары аман-эсен.
Сууктан үшүп калган жүргүнчүлөр Астраханка айылындагы жылытуу пунктуна жайгаштырылган. Алар жолго качан чыгары кабарланган жок. Кыргызстандын тиешелүү мекемелери да бул маалымат тууралуу комментарий бере элек. Казакстанда азыр суук күчөп турган кез. Казгидромет 26-январга чейин өлкөнүн айрым жерлеринде сууктун кучу кундүз -35, түнкүсүн -45 градуска чейин жетерин билдирген.
Булак: Де-Факто
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ