Menu

Сапар Исаков: Мага кылмыш ишин козгоо – чектен чыгуу

Бөлүшүү:

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) коррупция боюнча айып таккан мурдагы премьер-министр Сапар Исаков ага козголгон кылмыш ишин «таптакыр чектен чыгуу« деп баалады.

Ал алты сааттан ашык сурак берип чыккан соң тагылган айып менен толук тааныша электигин айтты:

– Мага айып тагуу боюнча токтомду чынын айтсам толугу менен окуп чыга элекмин. Мен азыр ачуума чыдабай турам. Адегенде социалдык тармактарда, маалымат каражаттарында Сапар Исаковдун атын тебелешти. Андан соң ушундай антураж түзүп, кылмышкер катары көрсөткүсү келип жатышат. Биз эми адвокаттар менен тыгыз иштеп, күнөөсүз экенибизди далилдейбиз. Бул таптакыр чектен чыгуу, мен нес болуп турам.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу 386 млн. доллар кытай насыясын максатсыз пайдаланганы үчүн Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү (“Коррупция”) менен кылмыш иши козголгон.​

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 + = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: