Menu

Бишкек шаарын жылуулук менен камсыздоону калыбына келтирүү боюнча ыкчам штаб түзүлдү

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 27-январда, Бишкек шаарынын ЖЭБиндеги эски казан агрегаттарынын бузулуусуна байланыштуу пайда болгон абалды талкуулоо боюнча ыкчам кеңешме өткөрдү.

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Аскарбек Шадиев Бишкек шаарынын ЖЭБин көрүп чыккандан кийин Өкмөт башчыга Бишкек шаарынын ЖЭБиндеги эски казан агрегаттарына тармактык суу берүүнүн бузулушуна жана анын температурасынын төмөндөшүнө байланыштуу борбор калаанын тургундарын – «Бишкекжылуулуктармагы» ААКтын керектөөчүлөрүн жылуулук менен камсыздоо сапаты начарлап кеткендигин маалымдады.

Премьер-министр Сапар Исаков түзүлгөн абалга карабастан, Бишкек шаарынын тургундары үчүн турак-жайларга, өзгөчө борбор калаанын социалдык объектилерине жылуулук жеткирүү боюнча ынгайсыздыктар жаралбашы керектигин белгиледи.

Буга байланыштуу Өкмөт башчы биринчи-вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин жетекчилиги астында Бишкек шаарын жылуулук менен камсыздоону кыска мөөнөттө калыбына келтирүү үчүн өз учурундагы чараларды кабыл алуу боюнча ыкчам штаб түзүү тапшырмасын берди.

Ыкчам штабдын курамына төмөнкүлөр кирген:

– Ибраимов А.С., Бишкек шаарынын мэри;

– Рыскулов У.Д., Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы;

– Батыралиев Т.А., Кыргыз Республикасынын Саламатыкты сактоо министри;

– Муратбеков К.К., Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору;

– Калиев А.Р., «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК төрагасы;

– Кыдырбаев У.А., «Электр станциялары» ААК башкы директору;

– Айткулов М.А., «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК башкы директору;

– Кадыркулов И.А., «Түндүкэлектр» ААК башкы директору;

– Абдыкалыков Э.Э., «Бишкек жылуулук тармагы» ААК башкы директору;

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 − = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: