Menu

Өзбекстан: район башчысы жыйындагы адепсиз сөздөрү үчүн кечирим сурады

Бөлүшүү:

25-январда Өзбекстандын Анжиян районунун башчысы Улугбек Исомиддинов жыйын маалында жергиликтүү фермерлерге карата адепсиз сөздөрдү айтып, пахта үрөндөрүн себүүдө колдонулган пленкалар үчүн өз убагында акча бербегендиги үчүн аларды кемсинткен.

Анын сөздөрү жаздырып алынып, журналисттерге берилген. 16 мүнөттүк аудиожазууда Улугбек Исомиддиновдун пленка үчүн акча бербеген ар бир чарба жетекчисин ордунан туруп, отчет берүүгө мажбурлап жатканын угууга болот.

«Ойдинбулок!» (фермердик чарбанын аталышы) Чыкчы бул жерге! Эй, уятсыз, эмнеге пленка үчүн акча берген жоксуң? Кайырчы! Эй, мал, бул президенттин жарлыгы, анда акча тапшыруу керектиги айтылган», – деген аким чарба жетекчилеринин бирине кайрылып.

Аким журналисттер менен болгон маегинде өзүнүн күнөөсүн моюнуна алып, эми мындай кайталанбайт деп убада берди.

«Жарлыкты аткаруу созулуп кетти. Мен фермерлерди кемсинткен жокмун, аларды «салпаяктар» деп атаган эмесмин. Ооба, айрым учурларда «уятсыз» же «жинди» деп айткан күндөр болот. Кээ бирде ката кетиребиз, бири-бирибизге түшүнүү менен мамиле кылсак жакшы болмок. Фермерлердики туура, президент дагы алар менен сылык болууну тапшырган. Мен баарын түшүндүм, мындан туура чечим чыгарам. Мекенге, калкыма жана президентиме кызмат кылам. Мындан ары кайталанбайт» – деди аким.

Жергиликтүү фермерлер алар көп жылдан бери акимдин кемсинткен мамилесине чыдап келе жаткандыктарын билдиришүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 + = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: