Menu

Видео – Акча алмаштыруучу жайды тоногондорго издөө жарыяланды

Бөлүшүү:

23-июнда Аламүдүн районунун Ленин айылындагы “Сталбек” аттуу акча алмаштыруучу жайды белгисиз топ карактап кеткен. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз бөлүмү билдирди.

Милициянын маалыматына ылайык, түнкү саат төрт чамасында кылмышкерлер кара түстөгү “БМВ Х-5” үлгүсүндөгү автоунаа менен акча алмаштыруучу жайдын тоскучун темир аркан менен жулуп, ичинде отургандарга травматикалык тапанчадан ок чыгарып, болгон акчаны тоноп кетишкен.

Жараат алган адамга медициналык жардам көрсөтүлүп, Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси (“Карактоо”) боюнча иш козголду. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, карактоого шектүү топ изделип жатат.

https://www.facebook.com/bolot.ibragimov/videos/857076501146456/

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 − 40 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: