Menu

Түркмөнстанда кант кызылчасы сакталган кампа текшерилүүдө

Бөлүшүү:

Түркмөнстандын Мары облусунун Каракум районундагы кант кызылчасын сактоочу кампаларга ээлик кылган Байрамали фермердик уюмунун ишмердүүлүгү прокуратура тарабынан тешкерилүүдө.

“Азатттыктын” түркмөн кызматы 25-январда кант кызылчасын сактоо талаптары сакталбай жатканын, анын ичинде кампа кызматкерлери фермерлердин түшүмүн кабыл алууда туура эмес тараза колдонушарын маалымдагандан кийин текшерүү башталды. Прокуратура кызматкерлери кампага тиешелүү бардык документтерди алып кетти.

Фермерлердин айтымында, түшүм тапшыруу маалындагы мыйзам бузууларга көз жуумп, арыз менен эч жакка кайрылышпайт. Себеби район жетекчилери бири-бирин кубаттап турушат жана ишке кедергилерин тийгизишет.

Түркмөнстанда фермерлер мамлекеттин жерин ижарага алып кант кызылчасын айдашат. Алар сугат иштерин өзүлөрү жүргүзүп, жер семирткичтерди сээп, бирок жыйынтыгында жакшы киреше табышпайт.

Түркмөн ММКлары кабарлагандай, былтыр 220 миң тонна кант кызылчасы жыйналып, 11 миң тонна кант өнүрүлгөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 − = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: