Menu

Депутат М.Бакиров тармактык комитетке жер кыртышын жакшыртууну приоритет катары кабыл алып, иш жүргүзүүнү сунуш кылды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 29-январда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз Республикасында 2018-жылдын жазгы-талаачылык жумуштарын жүргүзүүгө даярдыктын жүрүшү каралды.

Талкуу жүрүшүндө КР Айыл чарба, тамак аш өнөр-жайы жана мелиорация министрилигинин алдындагы Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментинин өкүлү жер кыртышы барган сайын бузулуп, жердин кунардуулугу төмөндөп бара жаткандыгын билдирди. Бул жаатта комитет мүчөлөрү бир катар ой пикирлерин ортого салышты. Депутат Мирлан Бакиров жер кыртышынын асылдуулугун жакшыртуу боюнча БУУнун жыйынында чечим кабыл алынып, анын аткарылышы өлкөлөрдүн тармактык министрликтерине жүктөлгөндүгүн маалымдады. “Андыктан, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетине 2018-жылы жер кыртышын жакшыртууну приоритет катары кабыл алып, иш жүргүзүүнү сунуштайм”,- дейт М.Бакиров.

Мындан сырткары, М.Бакиров Германия өңдүү өнүккөн чет өлкөлөрдө колдонулган айыл чарба техникалары толугу менен капиталдык ремонттон өткөрүлүп, базар баасынан 30-40% арзан сатылып жатканын маалымдап, “Айылбанк” дыйкандарга мындай колдонулган техникаларды насыя менен берүү жагын иштеп чыкса дейт.

Ал эми депутат Асылбек Жээнбеков Кыргызстан жашыл экономикага багыт алып, органикалык айыл чарба продукцияларын чыгарарына кадам жасашы менен дүйнө жүзүнүн көңүл бурдурарын баса белгиледи. “Жерди которуштуруп айдоо жана органикалык жер семирткичтер менен жердин асылдуулугун сактап калууга болот. Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду ушул багыттагы ишканаларды ачуу максаты барларды колдошу керек”,- дейт А.Жээнбеков.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 + = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: