Menu

Фотобаян – Ноокендиктер “улак” берип, чоң байгелер коюлду

Бөлүшүү:

Өткөн жума этегинде Манас айылы жакта салтка айланып калган торпок тартыш орун алды. Бу жолу Ноокен району “улак” берип, 400гө жакын чабандестер өздөрүн күчтөрүн сыноо менен көкбөрүгө болгон көк буулары чыкты. “Чырк” этмемди алып, жеринде чакан фоторепортаж кылганга аракет кылдым.

“Саат 12де башталат экен, бир аз эрте баралы” деп, досум Жеңиш Кызалаков экөөбүз улак тарткан жерге 11:30га келдик. Батыштан муздак жел уруп, бетти чымыратып ийди. Феруза айым атайын улак тарткандарга деп болгон тамак-ашын алдын ала даярдап коюптур. Манты, оромо, пирожки, беляши, чай, кофе, ысык курут ж.б. Биз ысык куруттан бир чоң чыныдан баскандан кийин кичине жылый түштүк. Улак тарткандардын алды, аны менен кошо баш-шыйрагы, ичеги-карыны алынган, салмагы 90 килодон ашык торпоктун тушасы да келди. “Салмактуурак болуп калыптыр. Бүгүн улакчыларга кыйыныраак болот” деп калды калыстын калысы Али. Бу жигит мен билгенден Манас айылындагы торпок тартыштын эч кимге алмаштыргыс калысы деп билем. Алинин минген атын оюн башталгыча ары-бери бастырып, бирде текирең-таскак, бирде жорго салыш, бирде атайын желдирмеге, анан жай бастырып көрдүм. Заматта эле 400гө жакын улакчылар чогулду. Атайын торпок тартышка деп Польша мамлекетинен алдырган элүүгө жетпесе да 30-40тай зоот аттар көздүн жоосун алат. Турган жеринде жулкунат. Оюн башталарда атайылап эрежелер дагы бир ирет эскертилди. Мага бу жагы жакты. “Удургуп келип бозүй жакка, казан-аяк жакка, машинелерди көздөй кирбегиле. Оюн-зоок болгон жерде спирт ичимдиктер ичилбесин. Сөгүнүп-сагынгандар оюндан токтоосуз четтетилет” делип, куран окулду. Андан кийин байгелер окула башталды. “Бүгүн соорундар (байге) өтө эле көп. Ушу торпок тартышты тээ 2007-жылдары жаңыдан түптөп берген Молдомуса Конгантиев бүгүнкү улакка бир тай, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жеңишбек Эшенкулов бир тай, Айыл чарба министри Нурбек Мурашев бир тай, анан ноокендин кулундары, жеке ишкерлер Алмаз Парпыбаев, Таалай Толубаев, Мирбек Расулов, Турат Дамашев, Ноокен-Майлуу-Суу коомунун төрагасы Акылбек Арстанбековдор ар бири бирден тай, жалпы жонунан 8 тай болду. Облустун губернатору Кыянбек Сатыбалдиев өзү келе албай калып, 10 миң сом байгесин райондун акими Эркинбек Маматаевден берип жибериптир. Аким болсо 40 миң сом, жалпы жонунан акчалай сыйлыктар 100 миң сомдон ашып кетти. Соорунга 10 кой коюлду” деди оюндун калысы Али.

Чындап эле торпок салмактуурак болуп калган окшойт. Бери дегенде жарым саатча кумурсканын уюгундай болуп чабандестер бир жерде уюгушуп турду. Бир маалда эле топтон суурулуп, торпокту алдына баскан бир чабандес атырылып алдыга чыкты. Али колун жаңсап “соорун бир тай! Тээтиги дөбөгө ташта!” деди. Чабандес айткан жерине торпокту таштап, соорун бере турган жерге чаап келди. Муралим уулу Баяман деген чабандес экен. Үч жылдан бери торпок тартып, быйылкы жылы эле беш тай, он чакты кой, акчалай сыйлыктардын ээси болгонун кобурап берди. Алайлык экенин кошумчалап, бүгүнкү торпок бир аз оорураак экенин, көпкө чейин бушайман болгонун айта кетти. 18 жашка эми чыгыптыр. Далай-далай ийгиликти жарата турган кыргыздын мыкты улакчыларынан болчудай. Бали!

Торпок тартыш уланды. Биз бозүй жакты көздөй басып, таң эрте асылган үч тай казан аш, бир тай казан эки койдун эти жана а жердеги улакчыларга керектелүүчү каражаттарды сатып жүргөндөргө келдик. Улак тарта турган аттардын байпактары (төртөө) 500 сом, “мыкты жүгөн 4 миң сом, суулугу латун, булгарысы 45 күн топоздун териси малмага салынып, алтымыш күн ашатып, ашыкча майы алынып, андан кийин алтымыш жигитке ийлетилген булгары!” деп мактады. Ээрдин көрпөчөсү, алдына салган тердиги, желдиги менен бүт даяр, уздардын колунан чыккан буюмдар 5 миң сомдон кем эмес экен. Кечки саат 5ке чейин торпок тартыш болду. Анан келгендерге Ноокендин азаматтары ар бирине жанагы үч тай казан ашты таратты. Ашы жөн эле аш эмес гөшү (эти), шорпосу менен болду. Көз байланып баратканда тарадык…

Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ  

 Сүрөттөргө текст

  1. ЖКнын мурунку депутаты Жеңишбек Эшенкулов
  2. Ноокендин демөөрчү болгон азаматтары
  3. Соорунга келген тайлар
  4. Торпок тартыштагы ашкана
  5. Ашкана башчысы Феруза айым
  6. Торпок тартыштын аттарына керек болуучу жабдыктар
  7. Баяман
  8. Калыс Али
  9. Байпакчан аттар

Булак: Азия Ньюс 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 98 − 92 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: