Menu

Жалал-Абад: кылмыш кылган балдардын көбү сырттан келишкен

Бөлүшүү:

Өткөн жылы Жалал-Абад шаарындагы балдардын катышуусу менен жасалган кылмыш фактылары көп катталса, алардын көбүн башка район-шаардан келишкен өспүрүмдөр жасашкан. Алардын эсебинен шаарда өспүрүмдөр кылмыштуулугунун саны өсүп жатат. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Мисалы, өткөн жыл ичинде шаарда өспүрүмдөргө карата 26 кылмыш иши козголгон, алардан 19у Сузак, бирөө Базар-Коргон районунун, ал эми алтоо шаардын өспүрүмдөрү болушкан. Өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы тарабынан жыл ичинде укук тартибин бузган 130 бала тизмеге алынган. Азыркы учурда алардан 18 жашка чыккан жана жүрүм-турумунда жакшы өзгөрүүлөр байкалган балдар ал тизмеден чыгарылган. Катталган балдардын арасынан 25и мектеп окуучулары эсепелет. Жалпы катталган өспүрүмдөрдөн учурда 44 бала тизмеде калып, 86 бала тизмеден чыгарылган.

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн кызматкери ???? айтымында, сырттан келип, шаарда укук тартибин бузгандардын эсебинен шаарданы өспүрүмдөр статистикасы өсүп кетүүдө.

-2016-жылы өспүрүмдөрдүн катышуусунда 16 кылмыш иши катталган. Алардан кылмышка катышкан 7 өспүрүм мектеп окуучулары болгон. Демек, 2016-жылга салыштырмалуу 2017-жылы жашы жете электердин катышуусундагы кылмыштар 10го көбөйгөн. Анткен менен бул катталган кылмыштардын көбүн областтын башка район-шаарланан келген өспүрүмдөр жасаган. Кылмыш иши шаарда катталгандыктан, алардын саны өткөн жылга салыштырмалуу көп болууда, – дейт ал.

Эскерте кетсек, 2017-жылы жалпы кылмыш иши менен катталган жашы жете электерге сот тарабынан чечимдер чыгарылып, 6 өспүрүм бир жыл сыноо мөөнөтү менен үй камагына алынган болсо, ал эми 3 балага соттун чечими менен эки жылга шарттуу сыноо мөөнөтү менен үй камагына чыгарылган.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 − = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: