Menu

Премьер-министр Сапар Исаков: «Бишкек ЖЭБдеги авариянын башкы себептеринин бири акча каражаттарынын тартыштыгына барып такалууда»

Бөлүшүү:

Бишкек шаарынын ЖЭБиндеги авариянын келип чыгуу себептерин, анын кесепеттерин жоюу боюнча көрүлгөн чараларды иликтөө боюнча өкмөттүк комиссия түзүлдү. Бул тууралуу Премьер-министр Сапар Исаков Жогорку Кеӊештин кезектеги жыйынында “Бишкек шаарынын ЖЭБиндеги авария жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору талкууланып жатканда билдирип, депутаттарды комиссиянын ишине жигердүү катышууга чакырды.

Өкмөт башы эч качан өзүнөн жоопкерчиликти алып салбай турганын, ошентсе да авариянын башкы себептеринин бири акча каражаттарынын тартыштыгына барып такаларын, ал эми мындай жагымсыз кырдаалдын түзүлүшүнө түздөн-түз күнөөлүү кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароого тапшырма берилгенин баса белгиледи.

«Буга чейин кыш мезгилине даярдык жакшы экенин айтышкан. Акча каражатынын жетишсиздиги тууралуу деле сөз болгон эмес. Азыр электр энергиясынын тарифи өтө көйгөйлүү маселе болуп турат. Аны азыр эле көтөрө койолу деген оюм жок, бирок биз анын кандайдыр бир жолун табышыбыз керек», – деп, ал каржы маселеси чечилмейинче, мындай кырдаал кайталанбасына кепилдик бериш кыйын экенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, жыйынга биринчи Премьер-министр Сапар Исаков баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери катышууда.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 44 = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: