Вице-премьер министр Рустам Азимов баш болгон Өзбекстандын расмий делегациясы соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынына катышуу үчүн Тажикстанга келди.
Тажик тарапты биринчи вице-премьер министр Давлатали Саид жетектөөдө. 28-декабрда Тажикстан президенти өзбек делегациясынын башчысы Рустам Азимовду кабыл алары күтүлүп жатат.
Тараптар эки өлкө ортосундагы виза режимин жеңилдетүү маселелерин талкуулайт. Ошондой эле транспорт байланыштарын жандандыруу боюнча сөз болот. Акыркы маалыматтарга карганда, жакынкы күндөрү тажик-өзбек чек арасында жаңы көзөмөл өткөрмө бекети ачылат.
Ташкент 2017-жылдын башында Дүйшөмбүдө ири өнөр жай көргөзмөсүн өткөрүүнү пландоодо. Анда өзбек автоунааларынан тарта азык-түлүк товарларына чейин коюлат. Көргөзмөнүн алкагынада тажик-өзбек бизнес-форуму өтөт.
Тажикстан менен Өзбекстан билим берүү тармагында тыгыз кызматташып, жогорку окуу жайларда билим берүү үчүн квоталар бөлүнөрү күтүлүп жатат.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ