Menu

Дайырбек Орунбеков, журналист: “Душанбе шаарына курулган жаңы ТЭЦ 200 млн $ менен бүткөрүлсө, 386 млн $ менен жаңыланган Бишкек ТЭЦи алтын менен жалатылганбы?”

Бөлүшүү:

– Сапар Исаков албетте учурдагы абалга жоопкер, кышка камылгасы жок. Бирок, ТЭЦти модернизациялоого 386 миллион доллар жумшадык деп, сапаттуу жаңылоо болбогонуна, коррупциялык шек жаралып аткан абалга Сапар Исаков жалгыз жоопкер эмес. Үшүгөн эл Сапар Исаковду “тепкилеп”, кээде тамашага салып күлүп, көңүл ачканга да жетиштик. Ал, мурду кыпкызыл болуп тоңуп, шейшеп, жууркан таратып жүрөт, колунан келген мүмкүнчүлүгү ошол болду. Шаар тургундары ТЭЦтен үмүт үзүп, жазды күтүп жатышат. Көп суммадагы чыгымды камтыган жаңылоого мурдагы премьер министр Ж.Сатыбалдиевден тарта, экс-президент Алмазбек Атамбаевге чейин сөзсүз илинчеги чыгышы толук мүмкүн.

Душанбеге жаңы курулган ТЭЦ – 200 млн доллар менен бүткөрүлгөн.

Алматыдагы ТЭЦ – 70 млн доллар менен реконструкцияланган.

Бишкектеги ТЭЦ – 386 миллион доллар жумшалып, 30%ы гана жаңыланган. Дагы 70%ы жаңыланууга, оңдолууга муктаж.

2 күндүк -25°С суукка туруштук бере алган жок. Бул өтө уят жана чоң кылмыштуу көрүнүш. Мындай чоң кемчилик үчүн тийиштүү жетекчилер жумушунан гана алынбастан, жазаланышы тийиш.

Тажикстандын Душанбе шаарына курулган жаңы ТЭЦ 200 млн $ менен бүткөрүлсө, 386 млн $ менен жаңыланган Бишкек ТЭЦи алтын менен жалатылганбы?

Салыштырып айтканда 386 миллион долларга чакан шаар курса болот. Мисалы, 2 подьездүү 10 кабаттуу элитка үйлөр 1 млн доллардын тегерегинде бүтөт. 386 миллион долларга 386 көп кабаттуу үйдөн турган шаарча курса болмок.

Бул өтө чоң шектенүүнү жараткан чыгым адилеттүү иликтенип чыгышына сиздердин көзүңүздөр жетеби?..

Тургун Женишбеков: Зам.председателя Энергохолдинга признался, что за $386 млн. была модернизирована только 30% ТЭЦ, и то она рассчитана только на выработку электроэнергии, а не тепла.

Народ привык обсуждать тех, кто нагревает свои руки на мелких взятках, а те, которые воруют по сотнями миллионов, почему то остаются вне критики.

Где сейчас любимчики нынешней власти и лично фанатики Атамбаева, любезно поддерживающие всю их политику? Почему позакрывали свои рты?

Вы еще многое не знаете, а скоро когда узнаете все грязные делишки, то уверю, волосы встанут дыбом!

Компромат Кг:‎ Ош базар отвлекающий маневр. Кыштын 3-4 күнү бийликтин көчүгүн ачып койду. Уурулугу билинип, элдин кыжыры келип жатат. Элдин баары азыр ТЭЦ жөнүндө кеп кылып жатканда, күтүүсүз эле Ош базары өрттөндү. Бул атайын элди алаксытуучу маневр. Карагылачы, 386 миллион долларды жеп алгандар тууралуу сөздү алаксытабыз деп, булар карапайым эл соода кылган Ош базарын өрттөп салышты. Бет жок экен бул бийликте.

Булак: Майдан.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 − 63 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: