Menu

Тилчилер да саясаттын курмандыгы болууда

Бөлүшүү:

Кыргызстанда саналуу гана тилчи-окумуштуу, филологдор болсо, алардын бири Үмүт Култаева экендиги белгилүү. Эл агартуунун мыктысы, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент, филология илимдеринин доктору деген даража, наамдары бар бул эжебиз бир нече жыл Ж.Баласагын атындагы КМУнун кыргыз тили боюнча проректору, акыркы мезгилде ушул эле ЖОЖдун Кыргыз-кытай (Конфуций) институтунун кыргыз тарабынан директору болуп иштеп аткан. Бирок жакында эле университеттин ректору (экс-министр К.Садыков) шашылыш түрдө кызматтан алуу тууралуу буйрук чыгаргандыгы эженин өзүн эмес, бүтүндөй кайдыгер эмес анын шакирттерин, филологдор жамаатын таң калтырды. Баарынан да мамлекеттин коопсуздугуна шек келтирген кылмышкерлерге теңеп, УКМКга чакырылып, 3 саат сурак берип чыккан. Бирок да Ү.Култаева Кытайга барып келип (ректор экөөсү) институттун Башкаруу кеңешине мүчө болуп, директор катары иштөө келишимин түзгөндөн кийин кызматтан алынып жатат. Көрсө, буга анын былтыркы президенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү учурунда талапкер Ө.Бабанов Оштун Он-Адыр айылындагы шайлоочулар менен жолугушууда “Тизелеп жашаганча, тик туруп өлгөн артык”,- деген “учкул” сөзүн талдоо үчүн түзүлгөн лингвистикалык комиссиянын курамында болуп, эч кандай кылмыштуу жагдай жоктугу тууралуу тыянак чыгарганы себеп болуптур.

Булак: Майдан.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 + = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: