Тажикстанда жол кырсыгынан композитор Диловари Зухуриён каза тапты. Авария дүйшөмбү күнү 00.30да Душанбе-Вахдат трассасында болгон. Бул тууралуу Тажикстандын ИИМи билдирди.
Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу Диловари Зухуриён каршы тилкеге чыгып, жүк ташуучу унаа менен кагылышкан. Окуя болгон жерде композитор менен бирге дагы бир жүргүнчү өлгөн. Жүк ташуучу унаанын айдоочусу жаракат алган эмес.
Композитордун сөөгү бүгүн өзү төрөлгөн Дангара районунда жерге берилет.
Диловари Зухуриён 2000-жылдардын башында тажик эстрада жылдыздары үчүн музыка жазып бере баштагандан кийин элге аты чыккан. Ал 500дөй ырдын автору. Соңку кездери Тажикстандын Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу боюнча мамлекеттик комитетинде иштеген.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ