Menu

КР Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Айзада Субакожоева: 1-2- февралда тажик тараптын чакыруусу боюнча Президент Сооронбай Жээнбеков расмий визит менен Тажикстанга барат

Бөлүшүү:

Бүгүн, 31-январда  Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Айзада Субакожоева жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн брифинг өткөрдү.

Айзада Субакожоева Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун кошуна мамлекеттерге расмий сапарлары уланып жатканын, Мамлекет башчысы 2018-жылдын 1-2-февралында Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу боюнча Душанбеге расмий визит менен бара турганын белгиледи. Бул визит мурда болжолдонгон, ошондуктан эки өлкөнүн тышкы иштер ведомстволору бул иш-чарага карата кылдат даярдык көрүштү.

Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысынын сөзү боюнча, визит учурунда Президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон менен тар жана кеңейтилген форматтарда жолугушат. Ошондой эле Мамлекет башчысынын Тажикстан Республикасынын Премьер-министри жана парламент спикери менен жолугушуулары да пландаштырылган.

Визиттин жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын бардык олуттуу маселелери, анын ичинде мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча пикир алмашуу болот.

«Күн тартибинде бир катар олуттуу маселелер бар. Соода-экномикалык өз ара аракеттешүү маселелери боюнча пикир алмашуу болот. Өлкөлөр ортосунда товар алмашуу өсүп жатат, бирок, анын темпи колдо бар мүмкүнчүлүктөргө шайкеш келбейт. Ошондуктан тараптар бул багыттагы иштерди активдештирүүнү пландашууда», – деп белгиледи Айзада Субакожоева.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Тажикстанга расмий визитинин жыйынтыктары боюнча  бир катар документтерге кол коюлат, эки Мамлекет башчылары биргелешкен билдирүү кабыл алышат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: