Menu

Москвада полиция базарда иштеген өзбек жана тажик мигранттарын кармоодо

Бөлүшүү:

Орусия борборунун Москворецк базарында иштеген тажик жана өзбек мигранттары он күндөн бери полициянын кысымына кабылышууда. Бул тууралуу “Эркин Европанын” тажик кызматы билдирүүдө.

Москва полициясы базардагы рейд тууралуу маалымат тараткан жок, бирок ички иштер органдарындагы кээ бир кызматкерлердин айтымында, базарда мигранттарды мыйзамсыз кармоо жүрүп жатат.

Москворецк базары 1965-жылы курулган. Бул жерде курулуш материалдары гана эмес, азык-түлүк да сатылат. Тажикстан менен Өзбекстандын жүздөгөн мигранттары сатуучу, жүк ташуучу жана тазалоочу болуп иштешет.

Негизинен тажик жана өзбек жарандары кармалууда. Мигранттар полиция күч колдонгонун, полиция автобустарына тыгып, базарда көпчүлүктүн көзүнчө уруп жатканын билдиришүүдө.

Маалыматтарга караганда, мигранттарды кармоо кезинде бир нече адам катуу жараланган. Кармалган мигранттардын көбүнүн тагдыры белгисиз. Бир нече жаран Сахароводогу миграция борборуна жиберилсе, дагы бир катары депортацияланган.

Расмий маалыматтар боюнча Орусияда бир миллиондон ашуу тажикстандык мигрант иштеп жүрөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: